Menu

ТЭЦке дагы 6 миллион доллар сарпталат

Бөлүшүү:

ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкек жылуулук электр борборуна суу даярдап берүүчү жаңы химиялык цех куруу үчүн керектүү жабдуу, тетиктерди алып келе баштаганын билдирди. Ал өз сөзүндө, ЖЭБде жаңы блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти Кытай тарап өз эсебинен куруп берүүгө макул болгон. Ага 6 миллион долларга жакын каражат сарпталат.

Эске сала кетсек, ТЭЦтеги авариядан кийин иштен алынган ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу буга чейин энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилерин бир жумага созулган кырсыктын «Чыныгы себебин жаап-жашырып, элге туура эмес кабар берип жатат» – деп сындап чыккан. Кырсыкка модернизация иштеринде салынууга тийиш болгон химиялык суу даярдоо системасынын курулбаганы жана имараттар өз убагында оңдолбогону түрткү болгонун жар салган.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: