Menu

Казарманда толкуган эл, токтотулган курулуш

Бөлүшүү:

Казарманда “Макмал” кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушу убактылуу токтотулду. Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Мамасалы Акматов “Жи Эл Макмал девелопинг” компаниясы фабриканын курулуш долбоорун тийиштүү экспертизадан өткөрө элек, ага айлана-чөйрөнү коргоо жана эко­логия адистеринин да корутундулары бериле элек. Ошондуктан компанияга экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин курулушту токтотуп, эл менен түшүндүрүү иштерин алып баруу тапшырылган. Акматовдун айтымында, эгерде компания жергиликтүү тургундар менен иштешүүдө ынтымакка келе албаса комбинат иштебейт.

Эске сала кетсек, 10-мартта Тогуз-Торо районунун Казарман айылында 400дөй киши нааразылык акциясына чыгып, “Мак­мал” кенин иштеткен комбинатты таптакыр жаап салууну талап кылышкан. Чогулгандар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян экенин билдиришкен. Тогуз-Торонун тургундары ушундай талаптар менен февраль айында эки жолу митингге чыгышкан.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: