Menu

Астана соту Аблязовдун кыймылын «экстремисттик уюм» деп тааныды

Бөлүшүү:

Астана соту «Казакстандын демократиялык тандоосу» деп аталган каттоодон өтпөгөн оппозициялык кыймылды «экстремисттик уюм» деп тапты. Анын лидери учурда чет өлкөдө жашап жүргөн БТА Банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Оксана Лоскутованын айтымында, кыймылды экстрмисттик деп таануу өтүнүчү менен сотко мекеменин өкүлдөрү кайрылган.

«Сот тарабынан «Казакстандын демократиялык тандоосу» экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкөнүн бардык аймагында тыюу салынды. Бул тыюу аталган уюмдун материалдарын ММКлар, социалдык түйүндөр, мессенджерлер жана сайттар аркылуу таркатууга дагы тийиштүү», — деди Лоскутова.

Анын айтымында, чет өлкөдө жүргөн Мухтар Аблязов мыйзамга каршы аракеттерин улантууда. «Ал социалдык түйүндөр жана баракчалар аркылуу жарандарды өз кыймылына кирүүгө чакырып, учурдагы бийлик тууралуу терс образдарды түзүү менен калк арасында нааразылык маанайды калыптандырууда. Тынч акция экенин бир канча жолу айтканы менен, Аблязовдун жана анын тарапташтарынын максаты бийликти кулатып басып алуу болуп эсептелет. Мыйзам боюнча мындай аракеттер саясий экстремизм деп эсептелет жана мамлекеттик коопсуздугуна каршы кылмыш катары сыпатталат», — деп билдирди Лоскутова.

Өзүн президент Нурсултан Назарбаевдин жана анын тушунда курулган бийликтин саясий каршылашы деп эсептеген Мухтар Аблязов кыймылдын максаты — Назарбаевдин режимин тынчтык жол менен алмаштыруу экенин айтып келет.

Былтыр июнда Аблязов мекенинде «БТА банктан акча уурдоо» иши боюнча сыртынан 20 жылга соттолгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: