Menu

Орусиянын “кара тизмесинде” 77 миң кыргызстандык бар

Бөлүшүү:

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин 13-мартта журналисттерге берген маалыматына караганда, булардын ичинен 50 миң мигрант сот чечими менен “кара тизмеге” кирген, ошондуктан алардын кайра чыгышы кыйын. Ал эми калган 27 миң мигрантты “кара тизмеден” чыгаруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат:

– Биз “кара тизмеге” бир-эки жолу эреже бузган жарандар киргизилбесин деп сунуш кылып жатабыз. Орусиялык кесиптештер сунушубузду түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Сүйлөшүүлөр уланат, 30-мартта ЕАЭБдин өкүлдөрү Москвада жолукканда да бул маселе көтөрүлөт.

Айдаралиевдин айтымында, 2015-жылы Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде” 180 миң кыргызстандык жаран болсо, 2017-жылдын 1-январына карата алардын саны 110 миңге чейин азайган.

Бүгүнкү күнү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны 640 миң адам. Бул жалпы чет жакта иштеген мекендештердин 88% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: