Menu

Аргенбаевичтин ариясы

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоодон кийин саясий аренадан көп көрүнбөй калган саясатчы Темир Сариевден белгилүү бир сайттын кабарчысы интервью алып жаткан экен.

—Темир Аргенбаевич, сиз бир учурда Ак үй болбосо да, Көк үйдүн оркестрин жетектеп, башкы дирижёр катары иштеп калдыңыз эле. Учурда саясаттын сахнасынан таптакыр алыстап кеттиңиз. Ал тургай көгүлтүр экрандан да анча көрүнбөй калдыңыз. Же гастролдо жүрдүңүзбү?-дептир кабарчы суроолорду катыра бергендей түр көрсөтүп.

—“Диплому жок артист”,-деген сөздүн чындыгы бар окшойт… Анткени былтыр өлкөнүн аймагына “гастролго” чыкканда болгону 40 миң, эле күйөрманым бар экенине күбө болбодумбу. Айрымдардын “концерти” аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөрдүн саны 700 миңден тарта 1 млн 200 миңге жеткенде баардыгын жыйыштырып, азыркы кезде өзүмдүн “Ак шумкар” деген чакан оркестрим менен алек болуп жаткан кезим,-деген экен айтылуу саясатчы үнү каргылданып. -Эмесе, аталган чакан оркестриңиз менен 2020-жылы дагы “гастролго” чыгасызбы?-деп кабарчы кийинки суроосун берсе Темир мырза алаканын жайып:

-Билбейм… Ал үчүн СДПК деген этнографиялык ансамблдин “музыканттарына” окшоп чыгармачылык менен тынымсыз аракеттенип, репертуарыма элдин жүрөгүнө жете турган “ырларды” кошуп, анан сапаттуу клиптерди тартканга корой турган каражатты тапканга азыртадан аракет кылышым керек экен,-деп коёт имиш кабарчыга ачыгын айтып.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: