Ошто өгөй атасы зордуктаган 17 жаштагы кыз көз жарды. Ал кызды өгөй атасы беш жылдан бери зордуктап келген.
Ата сөрөй “Менин зордуктаганымды ооз ачып бирөөнө айтчу болсоң өлтүрөм” – деп коркуткандыктан, кыз беш жыл бою эч кимге айткан эмес. Кызды атасы зордуктаганын, кыздын таежелери анын боюнда бар кезинде билишкен. “Тилекке каршы, учурда Ош шаардык соту күнөөлүүнү болгону 15 жылга гана кесип койду, анын жазасын дагы узартыш керек эле” – дейт жабырлануучулар. Чынында эле мындай акылсыз айбандарды өмүр бою камап жазаласа жарашаар эле…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ