«Forbes» журналы дүйнөдөгү миллиардерлердин жаңы тизмесин жарыялады. 32-жолу чыгарылган жылдык тизмеде жалпысынан 2208 миллиардер бар.
Сап башында байлыгы алгачкы жолу миллиард доллардан ашкан ишкер турат. Ал – «Amazon» компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос, кирешеси 126 миллиард. Эң бай он кишинин арасында технология тармагындагы ишмерлер Билл Гейтс жана Марк Цукерберг да бар. Тизмедеги 2000ден ашуун кишинин жалпы байлыгы 9,1 триллион долларды түзөт.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ