Menu

Маданият – Жалал-Абад жолун реконструкциялоо боюнча долбоордун концепциясы жактырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-мартта Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин кезектеги жыйыны болду. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Комитет мүчөлөрү Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) ортосундагы Евразия экономикалык коомунун Кризиске каршы фондусунун каражатынан инвестициялык насыяны берүү жөнүндө Макулдашууга №1 толуктоонун долбоорун талкууга алышты.

КР транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, жогоруда аталган мыйзам долбоору 2014-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Долбоорду жүзөгө ашыруу мөөнөтү 2014-2016-жылдар деп белгиленгени менен кура турган компанияны тандоо боюнча тендердик жол-жоболорду өткөрүү узакка созулгандыгына байланыштуу курулушу иштери баштала элек. “Андыктан, кошумча макулдашуу киргизилүүдө”.- дейт ал.

Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы негизги макулдашуунун алкагында Бишкек – Ош жолунун (67 км созулган Жалал-Абад облусунун Маданият айылындагы тилкеси) реконструкциялоо долбоору боюнча курулуш иштери 60 млн АКШ доллары өлчөмүндө каржыланат. Насыяны төлөө мөөнөтү 20 жыл, 8 жыл жеңилдетилген мөөнөт, жылына 1% коюм үстөгү менен.

Министр Ж.Калилов комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди. Ал ЕӨБ үчүн бул долбоор жол тармагы боюнча биринчи долбоор болуп саналаарын айтып, ага байланыштуу аталган банктын ичинде консультанттарды, аткаруучуларды тандоо сыяктуу ички жол-жоболорун өткөрүүгө убакыт кеткендигин түшүндүрүп берди.

Жыйынтыгында комитет тарабынан Кошумча макулдашуунун долбоорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: