Menu

Депутат Алмазбек Токторов: «Акыркы 10 жыл аралыгында Бишкек ЖЭБиндеги оӊдоо иштерине тартылган компаниялардын баарын текшерүү зарыл»

Бөлүшүү:

Бишкек Жылуулук-электр борборундагы оӊдоо иштерине жарыяланган тендерлерге байланыштуу «Электр станциялары» ишканасынын бир топ жетекчилери камакка алынды. Ошондуктан, акыркы 10 жыл аралыгында Бишкек ЖЭБиндеги оӊдоо иштерине тартылган компаниялардын баарын ачыкка чыгарып, жасаган ишин текшерүү зарыл. Бул тууралуу депутат Алмазбек Токторов Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумунда билдирди.

Андан тышкары, Бишкек ЖЭБинин мещтерин жергиликтүү көмүрдү жагууга ылайыкташтыруу максатында, Кара-Кече көмүрү боюнча иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме эмдигиче кабыл алына электиги белгилүү болду. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин өкүлүнүн айтымында, техникалык-экономикалык негиздеменин долбоорун бир катар кемчиликтер болгондуктан, кытайдын ТВЕА компаниясына кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына 12 депутат кирген: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП фракциясынан), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика – Ата Журт» фракциясынан), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясынан), Исхак Масалиев («Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол» фракциясынан), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»фракциясынан).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: