Ирандыктар “Хафт син” салттуу майрамдык үстөлүнө коюлчу буудай өндүрүү менен бирге бирден дарак отургузушат.
Тегеран шаарынын мэри Мохаммад Али Нажафи бак-дарак отургузуу улуттук күнүнүн алдында Тегеран тургундарын бирден дарак отургузууга чакырды. Бак-дарак отургузуу улуттук күнү – ар жыл сайын Иран календары боюнча акыркы эсфанд айынын 15-күнүндө (5-мартта) майрамдалат.
Мэрдин айтымында, ирандыктар буудай, арпа үрөндөрү менен бирге бак дагы отургуза алышат. Ал өз короосу жок адамдар Тегеран шаарынын муниципалитетинин демилгеси менен бир канча күндөн кийин борбордо ачыла турган тигилип көгөрүп турган бак-дарактар аймагына отургуза алышат. Мындан тышкары, борбор шаардагы Валиаср көчөсүнө 2-марттан 20-мартка чейин 740 бак отургузулат. Валиаср – Жакынкы Чыгыштагы эң, узун көчөлөрдүн бири болуп саналат, бул жерде болжол менен 18 миң бак өсүп турат.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ