Menu

Сулайман-Тоо музейи: Каримованы келтиришпеди, жаңы жетекчини жээрип жатышат

Бөлүшүү:

“Ээрге башында эле кыйшык отурган”,- демекчи, маданият, маалымат жана туризм министрлиги туура эмес жетекчи тандайбы же бир мандеми барбы, айтор Юнесконун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген, түштүк борбордогу көзгө басар ыйык Сулайман тоо музейи директорго жарыбай койду. Былтыр бул орунга айтылуу ырчы Самара Каримова дайындалган күнү социалдык түйүндөрдө “революция” болуп, ал кездеги ми­нистр Т.Казаков эртең менен чыгарган буйругун кечинде кайтарып алууга мажбур болгон. Андан соң Сулайман-Тоонун тактысына А.Кангелдиев деген отурган. Бирок жыл айланбай анын да былыктары чыгып, жамаат менен ит мышык болуп жаткан кербези. Алгач музейдин катардагы кызматкерлери директордун орой мамилесине, кээде жашы өзүнөн улуу, өмүр боюу иштеп келаткан эжелерди уят сөздөр менен жемелегенине даттанышкан. Мындай терс мамилени көтөрө албаган бир кызматкер эстен танып жыгылып калгандыгын айрым социалдык тармактар онлайн версияда көрсөтүшкөн болчу. Ушунча ызы-чуу чыгып аткан соң жөн отура албай, министрдин орун басарларынын бири Ошко барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Бирок андан бери бир нече күн өтсө да эч кандай тыянак чыгарылбай же директордун оройлугун же жамаат жалган жалаа жаап жатат деген бүтүм чыкпай, жымжырттык өкүм сүрүүдө. Бул аралыкта бизге Сулайман-Тоо музейинин кассасынан ири суммада акча “жоголгондугу” тууралуу да кабар жетти. Балким, бул суроого министрлик жооп бералбаса, тиешелүү органдар кызыгып көрүшөр…

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: