Menu

Абдыганы Эркебаев: Келечеги кең эки саясатчы (А.Мадумаров, Т.Сариев)

Бөлүшүү:

Бүт дүйнөдөгүдөй эле, эгемендүү Кыргызстанда да саясатчылардын муундары алмашууда. Эгер аларды салт боюнча улуу, орто жана жаш деп карасак, азыр элүүдөн өтүп, орто муунга кирген кесипкөй, жалпы журтка кеңири таанымал саясатчылардын арасынан Адахан Мадумаров менен Темир Сариев бөлүнүп турат. Мен булардын экөөсү менен тең 1991-жылдан тарта таанышмын.

Алгачкысы А.Мадумаров болду. Мен анда республиканын басма сөз жана маалымат министри элем. Жумушта отурсам, бир күнү белгилүү инсандар С.Жигитов менен Б.Мурзаибраимов (экөө тең Өзгөндүк эмеспи) келип калышты. Ал-жай сурашкан соң келген себебин айтышты: “Россиянын Тверь шаарындагы университетти бүтүрүп келген бир жигит бар. Тирикарак. Жардам берип, жумушка албайсыңбы?”. Аларды урматтап (С.Жигитов агайым, устатым болчу): “Келсин” дедим.  Келгенинде таанышып, аны-муну сурап бир тапшырма бердим: “Өмүр баяныңды кагазга өз колуң менен орусча жазчы”. Ал жазгандан кийин кунт коюп окуп чыктым. Анча-мынча мүчүлүштөрү болбосо сабаттуу эле жазылыптыр. Ошондон соң сүйлөгөнү жана жазганы тетиктигин, адистиги тарыхчы экенин баалап, өзүмө жардамчы кылып жумушка алдым.

Т.Сариев менен октябрдын акырында тааныштым. Жашаган үйүбүздүн жанындагы №2 төрөт үйүнүн алдына жаңы төрөлгөн кичи уулубузду чыгарганы барсам жоон топ жаштар туруптур. Арасында жакшы таанышым – ыраматылык М.Эшимканов бар экен. Ал эмнеге келгенимди сурап калды. Айтсам: “Оо, куттуктайбыз. Биз да ушундай сезимде турабыз. Досубуз, Темир Сариев кыздуу болду. Ошонун  чыгышын күтүп жатабыз”,- деп досун тааныштырды. Ошентип, Темир экөөбүз перзенттерибизди бир күнү, бир төрөт үйүнөн чыгарганбыз.

1992-жылдын башында мен жаңы кызматка – республиканын вице-премьер-министрлигине дайындалдым. А.Мадумаров телевидениеге ишке жайгашты, ошол аркылуу элге таанылды. Т.Сариев менен ошол жылдары бир-эки ирет борбордо өткөн расмий иш-чараларда көрүшүп калдым: ал анда кайсы бир райондо аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, андан кийин жаңыдан түзүлгөн республикалык товар биржасынын президенти болсо керек эле.

1993-1994-жылдары Ош областында  аким болуп жүрүп, 1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп Бишкекке кайра келип, социалдык маселелер боюнча комитеттин төрагасы катары иштей баштадым. А.Мадумаров мыйзам чыгаруу жыйынына депутаттыкка шайланды. Экөөбүз тең курч, атаандаштык күрөштө жеңгенбиз. Эгер мен башка райондо – Лейлекте республика эмес, Ош областына да белгисиз жергиликтүү атаандаштарды  утсам өздөрүнүн эмес, өзгө жактын – Чоң-Алайлык мени бийликтин катуу каршылыгына карабастан шайлаганы үчүн лейлектиктерди  ушул күнгө дейре урматтап-сыйлап жүрөм, А.Мадумаров өз жери Өзгөндө жаштыгына карабай аттуу-баштуу, республикага кеңири таанымал талапкерлерди (алардын арасында убагында комсомолду башкарган, андан кийин да областтык партиялык, тармактык жетекчи кызматтарда жүргөн маркум М.Капаров бар болчу), ошолорду жеңген. Анын негизги себеби – оюнун, мүнөзүнүн курчтугу, тилинин мурчтугу болгон.  Ал ушул сапаттары аркылуу парламентке да, элге да тез таанылды.

Ошол жылдын жайында ЮСАИДдин уюштуруусу боюнча депутаттардын чоң тобу АКШда бир ай жүрүп, бул өлкөнүн тарыхы жана саясий-укуктук системасы менен кенен таанышып келдик. Ошондо Адахан экөөбүз такай бирге болуп, бир жатып, чогуу тамактанып жупуну жүрдүк. Ал айтып калчу: “Ой, республиканы, килейген областты башкарган адам да ушундай жупуну, жөнөкөй болобу?”. Адахан өзү да жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан, жөнөкөй жүргөн жигит болчу анда.

2 жылдан соң Эл өкүлдөр жыйынында жаңылануу болуп, мен төрагалыкка  шайландым. А.Мадумаров экөөбүз эки башка жыйында жүрсөк  да, жакшы мамилебизди уланттык, мен анын туулган айылы Куршабда эки-үч курдай жакшылыктарына катышып, ата-энеси, туугандары менен тааныштым.

2000-жылы Кудай А.Мадумаров, Т.Сариев үчөөбүздү кайрадан табыштырды: биз анда Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп келдик. Депутаттар мага ишеним көрсөтүшүп, атаандаштык негизде төрага кылып шайлашты (атаандаш да мыкты адам, бейиши болгур А.Масалиев эле). Ошентип, чогуу иштеп калдык. Жеке мамилелерибиз мурдакыдай кала берди, бирок саясий жактан А.Мадумаров менен Т.Сариев эки жээкке кетишти: биринчиси президент А.Акаев менен Өкмөткө каршы (оппозиция), экинчиси өз ойлорун түз, тике айтуу менен аларды колдоп жүрдү. Экөөнүн тышкы жана ички (психологиялык) айырмачылыктары да ачык көрүндү: А.Мадумаров – бою узун, арык, сөзгө чечен, ойлору чачырандыраак, көп учурда саясатташып, эмоцияга, кызуулукка алдырат, Т.Сариев, тескерисинче, бою пас чымыр (республикалык спорт мектебин бүткөн, күрөшчү), токтоо, сабырдуу, ойлору далилдүү жана жыйнактуу, бизнес чөйрөсүндө он жылча жүргөндүктөн экономика жана каржы маселелерин жакшы билет. Кыскасы, А.Мадумаров – саясатчы, идеолог; Т.Сариев – практик, уюштургуч. Ушундан улам А.Мадумаров эл, адилеттик, бийлик, байлык, жакырлык, бей-бечаралык, жөнөкөйлүк, жупунулук, улуттук нарк-насил, намыс деп тилин безелентип көп сүйлөөчү, кыргыз-кытай чек арасы, Сох маселеси боюнча А.Акаевге, К.Бакиевге акаарат айтып, алардын кызматтан кетишин талап кылуучу. Анын аша чапкан, артыкбаш улутчулдукка ык койгон сөздөрүнүн бири катары өлкөбүздө жашап жаткан башка улуттарды “квартиранттар” деп атаганын  эстесек болот.  Мен аны аяп, жакын санап, реалдуулукту, ишке аша турган, боло турган мүмкүнчүлүктөрдү, так эсеп-кысапты эске алган жоопкерчиликтүү саясат жана эл алдында бакылдап-шакылдаган, элге жагынган (популизм) жана кызыл кекиртектик (демагогия) кылган куру саясат болорун, колдон келишинче экинчисинен качып, биринчи багытка – жоопкерчиликтүү саясатка баш урууну ак дилимден  айтчумун.  Т.Сариев деле активдүү болчу, өз ойлорун ачык, түз билдирчү, бирок ар дайым карала турган маселеге даярданып келип, салмактуу, далилдүү сүйлөөчү, бирөөлөрдү  ак жеринен каралап же жамандачу эмес, жөн жеринен жалжактап кызматы чоңдорго кошомат да кылчу эмес. Ал мага жаккандыктан: “Азамат, жакшы сүйлөдүң” деп калчумун. Анын үстүнө Т.Сариев адабиятка, өнөргө (бала чагында Ч. Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемеси боюнча тартылган көркөм фильмде башкы ролду ойногон), көптү билүүгө кызыкчу, ушул жагынан да мага жакын болчу.

2005-жылкы март революциясынан соң экөө тең кайра депутат болду, бирок ролдору алмашты. А.Мадумаров  революциячыл окуяларга катышпаса да өзү мурда Сох анклавы боюнча кол койгону үчүн премьер-министрлик кызматтан кетсин, мага кабинетке кирип: “ал президенттике такыр жарабайт” деген К.Бакиевдин командасына кирип, мамлекеттик чоң кызматтарга – адегенде социалдык маселелер боюнча вице-премьер министрликке, анан мамлекеттик катчылыкка көтөрүлдү, 2007-жылы шашылыш, алеки саатта түзүлүп, мыйзамсыз катталган “Ак жол” партиясынын тизмесинин баш жагына кирип депутат жана Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды, жарым жылга жетпей парламентте түзгөн жагымсыз кырдаалы үчүн ал кызматтан бошоп, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалды. Ушул белдүү кызматтарда (мен бир кезде айткан жоопкерчиликтүү саясатта) жүргөнүндө депутаттык мандатымдан ошол эле К.Бакиевдин көрсөтмөсү боюнча ажырап, үйдө отурганыма карабастан адамдык жылуу мамилесин үзгөн жок (анысына ырахмат), бирок мага жакпаганы – мурда жупунулукту, жөнөкөйлүктү сүйгөн, чоңдордун, бийликтин ысырапкорчулугун, шаан-шөкөтүн жактырбай тызылдаган адам вице-премьер-министр убагында “бийлик өзүнө жараша шартка ээ болуш керек”, “Ай үйдүн алдындагы фонтандар ар убак иштеп, кооздолушу зарыл” десе, ал эми Жогорку Кеңешке төрага болгонунда чү дегенде эле “кабинеттер менен залдар жаңгак капы менен жабылсын” деп ооз ачырды.

Т.Сариев болсо К.Бакиев 2005-жылкы өз убадасынан тайып конституциялык реформаны кечиктиргени, атайлап созгону үчүн ачык оппозицияга өтүп, Жогорку Кеңештеги “Реформа үчүн” депутаттык фракциясынын жана жалпы элдик кыймылдын таасирдүү жетекчилеринин бирине айланды. Алар уюштурган 2006-жылдын ноябрындагы бир жумалык жык жыйма (массалык) митинг, Жаш гвардия бульварынан “Ала-Тоо” аянтына чейин кылкылдаган калк (мынчалык эл  мурда да, кийин да чогулган жок). Мамлекеттик телерадио корпорациясынын, Бишкек мэриясынын жана Ак үйдүн имараттарын оңой эле басып алышмак, бирок митингдин башчылары кудай колдоп, акылдуулук, токтоолук кылып андай чеки кадамга барышкан жок. Ошондо өлкөнүн аттуу-баштуу адамдары (араларында мен да бар элем) оппозиция менен бийликти акыл-эстүүлүккө, сабырдуулукка, маселени тынчтык, саясий жол менен чечүүгө чакырып кайрылуу жарыялаганбыз, андан тышкары өзүм “Аки-пресске” жана “Моя столица – новости” газетасына “Думать не о себе и власти, а о стране и народе” (“Өзүңдү жана бийликти эмес, өлкөңдү жана элиңди ойло”) аттуу макала жарыялагам.

К.Бакиевдин бийлигине каршы мөөнөтсүз митинг 2007-жылдын апрелинде Ф.Кулов (ал 2006-жылдын декабрында өкмөт башчылыгына парламенттен өтпөй калган болчу) башында турган “Бирдиктүү элдик майдан” деп аталган кыймыл тарабынан кайрадан уюштурулду. Чыдамы түгөнгөн, өзү 2005-жылы демократиянын ураанын көтөрүп бийликке келген К.Бакиев бир нече күндөн кийин аны күч менен (ит, газ, таяк колдонуп) кууп таратты, ыйык саналган кыргыз боз үйлөрүн өтүкчөндөргө тебелетти. Ошол күнү кечинде Ф.Кулов баш болгон уюштуруучулар көзгө көрүнбөй, карапайым митингчилер менен жалгыз Т.Сариев калып, милицияга тике карап, сабырдуулугун, баатырдыгын көрсөттү. Ушунун баарын телевизордон көрүп отуруп Т.Сариевди ого бетер баалап, сыйлап-урматтап калдым. Бул окуялардын баары Т.Сариевдин өзүнүн “ Шах Кыргызской демократии” деген китебинде (орус тилинде, 2008-жыл) төкпөй-чачпай, бүткүл оош-кыйыштары менен баяндалган.

2007-жылы күзүндө К.Бакиевдин жалганчылыгы, зомбулугу “Ак Жол” партиясын түзүшү, шайлоону бурмалашы, өзүнө ылайыктуу Конституцияны Жогорку Кеңеште заматта кайра кабыл алдырышы аркылуу биротоло ачыкка чыккандан кийин үч жыл бою калыс позицияны кармап, саясатка аралашпай келген мен 2008-жылдын башынан тартып оппозицияга кошулдум,

А.Жекшенкулов, Ө.Текебаев, Т.Сариев менен биргеликте “Акыйкаттык үчүн” кыймылын жана “Коомдук парламент” уюмун түздүк, булар 2009-жылы Бириккен Элдик Кыймылга (БЭК) алып келди.

Тилекке каршы, 2009-жылы өткөн президенттик шайлоодо БЭКтин эки белдүү жетекчиси – А.Атамбаев менен Т.Сариев ымалага, биримдикке келе албай өз-өзүнчө катышып, натыйжада жеңилүү ызасын тартышты. Буга өкүнүп мен “Күчкө каршы – биримдик же дагы бир жолу А.Атамбаев жана Т.Сариев жөнүндө” деген макала жазган элем. (“Кыргыз руху”, 2009,17-июль).

Т.Сариевдин ошол мезгилде кетирген кемчиликтеринин бири – жалганбы же төгүнбү, ал 2005-жылкы кымгуут маалында туулган жана депутаттыкка шайланган Сокулук районунда мыйзамсыз жер басып алуулар болуп жатканда кантсе да өзүнө мүнөздүү токтоолуктан тайып: “түштүктүктөр өз жериңерге кетпейсиңерби?” деп – А.Мадумаровчосунан кызуулукка алдырып, ашыкча сүйлөп койгон экен. Бул сөз (жаман сөз дайыма ушундай болот эмеспи) ошондон бери унутулбай, анын саясий тагдырына, шайлоолорго катышканда кесепетин көрсөтүп келатат. Мен ага анча ишенбей, 2010-жылы апрелдин башында  түндүк-түштүк маселеси болбосун, биримдик болсун деген максатта анын “ Ак шумкар” партиясына кирдим, 7-апрелде таң эрте, саат 5те Москвадан учуп келгенинде тосууга барган санаалаштарынын арасында аны коопсуздук кызматкерлери кармап кеткенин өз көзүм менен көрдүм, саат 9да өзүм да Сокулуктагы митинге катышайын деп үйдөн чыгарымда кармалдым, ошол күнкү окуяларды оппозиция жетекчилери менен биргеликте Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берип жатып уюлдук телефондон угуп, телевизордон көрдүм, саат 4 төрдө биздин өтүнүчүбүз боюнча коркпой келген мамлекеттик кеңешчи Э.Сатыбалдиев менен акылдашып, Т.Сариев менен И.Өмүркуловду кан төгүүнү токтотуу, бийлик менен сүйлөшүү үчүн Ак үйгө жибердик. Саат 6ларда ГКНБнын төрагасынын биринчи орун басары Алмаматов, Э.Ибраимова экөөбүздү кабинетине чакырып, сырттан бизди бошотуу үчүн чабуул коюп жаткан оппозициячыл күчтөрдү токтотууну өтүнүп, эшиктен чыгартты. Ошол убакта ГКНБнын алдында 3-4 адам октон өлгөн эле. Чуулдаган октор токтолуп, тышка чыкканыбызда мен короодо турган атактуу БМПнын үстүнө чыгып элди сабырдуулукка, мыйзамды сактоого чакырдым. 20 минуттан соң Ө.Текебаев да бошотулуп, ошол БМП менен партиялаштарынын коштоосунда желек көтөрүшүп Ак үй жакка жөнөштү. Саат 7ден өткөндө оппозиция башчылары Р.Отунбаеванын Жогорку Кеңештеги кабинетине чогулуп (ал СДПКдан депутат эмес беле), кан төгүүнү токтотууну, бийликтин убактылуу органын түзүү жөнүндө сүйлөшө баштаганда белдеги куяң жанымды кыйнап тургандыктан Т.Сариевге айтып, уулум, кайним, жердеш инимдин коштоосуда үйгө кеттим.

Кечинде, саат 10 дордо телевизордон сүйлөгөн Ө.Текебаевдин сөзүнөн Убактылуу Өкмөт тузүлгөнүн, Т.Сариев төрайым Р.Отунбаеванын каржы-банк иштери боюнча орун басары, мен мүчөсү болуп киргендигибизди уктум. Ошондон кийин убактылуу Өкмөттүн мен катышкан отурумдарында А.Атамбаев менен Т.Сариевдин мамилелери дале оңолбой, айтыша, талаша кеткендерине күбө болуп жүрдүм. Күзүндө – октябрда Жогорку Кеңешине шайлоо болгондо “Ак Шумкар” партиясынын тизмеси боюнча Т.Сариевди Чүйдө, түштүктө коштоп, бардык жерде эл жакшы кабыл алганына ыраазы болдум, бирок туштүктө баары бир баягы: “түштүктүктөр өз жериңерге кетпейсиңерби?” деген кычы суроо берилип жатты. Шайлоонун жыйынтыгында тиешелүү 5 пайыздык чекке кичине жетпей, партия өтпөй калды. Биз аны мойнубузга алып, эч кандай талаш-тартышка барган жокпуз. Менимче, атайын зордук-зомбулук, көз-көрүнөө бурмалоо болбосо ушундай маданиятка көнүү керек.

Убактылуу Өкмөткө кескин оппозицияга өткөн (бул түшүнүктүү) А.Мадумаров да ал шайлоого өз партиясы менен катышып, тиешелүү чекке аз гана жетпеди. Ал кетирген кемчиликтердин бири –  баягы эле тилинин курчтугу болду: Кара – Балтадагы стадиондо өткөн чоң жолугушууда 7-апрель баатырларын “жырткычтар” деп атады. Албетте, бул орой сөз К.Бакиевдин бийлигин эңшерген тараптын кыжырын келтирди.

Турмушта ар кандай болот: бирөөлөр өмүр бою өз ишениминен, тандаган принцибинен кайтпайт, экинчилер күн карама катары кубулуп, “күн чыккан жердин күчүгү” аталат, үчүнчүлөр шартка, кырдаалга карап, терең талдоо жасап аргасыз ымалага (компромисске) келет. Ушул үч позициянын акыркысын тандаштыбы, айтор, А.Мадумаров да, Т.Сариев да 2011-жылы президенттикке шайланган А.Атамбаев менен тил табышып, биринчиси түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмуна чоң маяналуу жана даражалуу кызматка кетти, экинчиси экономика министри, анан 2015-жылы өлкөнүн өкмөт башчысы болду.

А.Мадумаров штаб квартирасы Түркияда  жайгашкан ишинде эмне кылып, кандай жүргөнүн жакшы билбейм, бирок Кыргызстанга келип калганында телевизордон жаңы бийликти жактап, ага оппозицияга  өткөн айрым саясатчыларды, атап айтканда, Оштун өзүн “арстан, шер” сезген эски мэри М.Мырзакматовду шыбаганы өөн көрүндү. Ал деле “арстан, шер” эмес экен, өзүнө кылмыш иши козголгондо чет өлкөгө качып жоголду.

А.Мадумаров акыркы кызматында 2 жыл иштеп-иштебей бошонуп, кайрадан оппозицияга өттү. 2015-жылкы парламенттик шайлоого катышып, дагы да жетиштүү добуш алалбады.

Т.Сариев болсо, менин баамымда, премьер-министрлик кызматында күжүлдөп жакшы, так иштеди. Көзгө көрүнгөн аракеттеринин айрымдары – өлкөнүн ар кайсы областтарында күнөскана салуу, логистикалык борборлорду ачуу, ЕАЕСке кирүү боюнча зарыл иш-чараларды аткаруу болду! Кемчилиги – жүргөн-турганын, жасаган иштерин эрте жана ашыкча жарыялоо (пиар), эртеңкиге (президенттике) кам уруу. Мен убагында “мындан сак, этият бол, анткени учурдагы президент, анын жан-жөкөрлөрү жана болочок атаандаштар мандем көрүшө баштайт”- деп кеңеш берген элем. Экинчиден өзү  мыйзамды, бюджетти билип туруп, Балыкчы-Корумду унаа жолун тендерсиз жаңылап баштаганы да муну бекемдеп, чырга айланып, өкмөт башчылыктан бир жылга жетпей кетүүгө аргасыз кылды. Буга кошумча – президенттик шайлоого карата камылгасын, калк ичин, жер-жерлерди кыдыруусун да эрте, бир жыл мурда баштап жиберди. Ушулардын баары Т.Сариев өзүнө баштатан мүнөздүү болгон жакшы сапаттарды – сабырдуулукту, токтоолукту, акыл-эстүүлүктү акыр аягына дейре сактай албаганын көрсөттү. Бийлик кумары ушуга алпарат да. 2010-жылы жанында жүрүп мен байкаган дагы бир кемчилиги – кербездиги, эл менен, улуу-кичүү менен элпек, жупуну, карапайым боло билбегендиги.

А.Мадумаров, жогоруда айтылгандай, дайыма эл деп сүйлөйт, элге жакын болууга аракет кылат, анын тилинин курчтугу, чечендиги бийликти сындаганы элге жагат. Т. Сариевден айырмасы ушунда жана буга кошумча түштүктө айрыкча Баткен областында туруктуу шайлоочулары барында. Анан калса жаш өткөн сайын токтоло баштады.

Көрсөтүлгөн жагдайлар 2017-жылы октябрда өткөн акыркы президенттик шайлоодо айрыкча даана көрундү: экөө тең жеңишке жетмек тургай өтө аз добуш алышты, бирок мында да олуттуу айырма байкалды – А.Мадумаровдун добуштары Т.Сариевдикинен эки-үч эсе көп болуп чыкты. Күтүүсүздүк – Т.Сариевдин каржылык мүмкүнчүлуктөрү жана маалымдоо каражаттарындагы пиар кампаниясы А.Мадумаровго караганда күчтүү болгонунда эле. Бирок экөөнүн окшоштугу – шайлоодо жеңишке жетишинен С.Жээнбеков биринчи иретте бийликке (досу А.Атамбаевге), административдик ресурска, ал эми анын негизги атаандашы, экинчи орунду ээлеген Ө.Бабанов акчасынын көптүгүнө таянса, булар ушул эки ресурстан тең чектелишти (айрыкча А.Мадумаров), атүгүл бийликчил маалымат каражаттары аркылуу каралоого жем болушту.

Ошентип, шайлоонун эртеси да келди. А.Мадумаров шайлоонун жыйынтыгын моюндабай, оппозициячыл ишин улантууда. Т.Сариев макул көрүп, анда-санда үн катканы болбосо дайыны жок, европалыктар айткандай, шайлоодон алган “жараатын айыктырууда”. Албетте, бул убактылуу көрүнүш. Эртең эле кырдаал өзгөрөт, жаңы жагдайлар жаралат, Т.Сариев белсемденет. Мүмкүн, жалпы кызыкчылык үчүн А.Мадумаров экөө өз ара биригип, бирин-бири толуктайт, биринде жогун экинчиси жалгаштырат, башка көрүнүктүү саясатчылар менен да ынтымакка келишет. Анткени алдыда жаңы шайлоолор, күтүүсүз окуялар турат.

Экөө азырынча салыштырмалуу жаш, баралына толуп, кемелине келип, өткөндөн сабак алып турган чагы. Демек, келечектери бар. Алардын дарамети, жөндөмү, тажрыйбасы элге дагы керектелет. Мен буга экөөсүн тең жакындан таанып-билген, баалап – урматтаган, жакшы мамиледе – жүргөн адам катары бөркүмдөй ишенем.

Абдыганы Эркебаев, 6-7.02.2018-ж.

Булак: “Майдан.kg”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: