Menu

Өзбекстанда денесинен 16 ийне табылган наристе айыгып, ооруканадан чыкты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылган 11 айлык наристе ооруканада дарыланган соң үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу 14-мартта Өзбекстан саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ташкенттеги Республикалык илимий борбордун хирургдарынын маалыматы боюнча 11 айлык Азизбек Абдумажидовдун денесинде дагы 3 ийне бар. Бирок алар азырынча өмүргө коркунуч жаратпайт. Кийинчерээк операция жолу менен калган ийнелер дагы алынышы мүмкүн.

Быйыл 17-январда Фергана облусунда жашаган 11 айлык наристенин денесинен 16 кийим тигүү ийнеси табылган. Андан соң ага Ташкенттеги Республикалык илимий борбордо он саатка созулган операция жасалып, денесинен 13 ийне алып чыгышкан. Калган ийнелерди баланын жаш курагын эске алуу менен кийинки операция учурунда алып чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бирок Азизбек операциядан кийин комага түшүп калган. Анализ учурунда ийнелер баланын организминде эки айдан бери жүргөнү аныкталган. Алар дененин ар кайсы бөлүгүндө – жоон ичеги, табарсык, төш, моюн, омуртка жана жүрөгүнүн алдында болгон.

Орусиядан кайтып келген наристенин атасы ийнелер кантип баланын денесине киргенин билбейт. Апасы тергөө органдарында сурак берүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: