Menu

Куршаб айыл өкмөт башчысын “түшүрүштү”

Бөлүшүү:

Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Белекбай Оморовго жергиликтүү Кеңештин 28 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, кызматынан алып тынышты.

– Куршаб айыл өкмөтүнүн баш­чысы Белекбай Оморов эл менен тыгыз иштеше алган жок! Андытан, нааразычылык улам ырбап олтуруп, акырында маселеси Айылдык Кеңеште каралды. Сессияга чакырылган 31 депутаттын 29у катышып, булардын 28и ага таптакыр ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Биз чечимибизди райондун акимине жөнөттүк. Азырынча башчынын милдетин анын орун басары Мамырбек Сазанов аткарып турат,- деп кошумчалады Куршаб айылдык Кеңешинин төрагасы Бактыяр Табытбек уулу.

Баса, Белекбай Оморов 2017- жылдын январь айында Куршаб айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайланган. Шайлоодо ат салышкан үч талапкер Белекбай Оморов – 16, Жуманазар Калбаев – 3, ал эми Алтынбек Ташиев 12 добуш топтошкон.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: