Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кыргыз-Орус фондунун ишин абдан катуу сындады. Мындай пикирин ал вицепремьер-министр Санжар Муканбетов катышкан аймактык өнүктүрүү боюнча чоң жыйында ачыктады.
– Кыргыз-Орус фонду күрөө боюнча жол-жобосун иштеп чыккан эмес. Биз үч жыл аралыгында эт комбинаты, насос заводу, терини иштетүүчү жана тигүүчү цехтер боюнча ири долбоорлорубузду сунуш эткенбиз. Тилекке каршы, булардын бирин дагы канааттандырган жок!- деп тызылдады Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.
Эскерте кетчү жагдай:
Кыргыз-Орус фонду Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү жолун жеңилдетүү үчүн өлкө экономикасына колдоо иретинде Орусия бөлгөн акчага уюштурулган.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ