Menu

Депутат К.Бокоев: “Сүйүнчү пулдун” көлөмүн көбөйтпөстөн, ага каралган каражатты жөлөкпулдун көлөмүн көтөрүүгө багыттаса туура болмок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова баяндама жасады. Маалыматка ылайык, “КР мамлекеттик жөлөкпулдары жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүүгө багытталган “КР социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн КР Премьер-министринин тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен бүгүнкү комитеттин талкуусуна сунушталган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мыйзам долбоору аркылуу 16 жашка чейинки балдарга “Үй-бүлөгө көмөк” аттуу жөлөкпул каралган. Анда муктаждыкты эске алуу менен майып балдарга жана кичине кезинен бери майып болгон балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмүн жогорулатуу; ата-энелеринин камкордугунан ажыраган жана интернат тибиндеги балдар үйлөрүндө мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик счетторду милдеттүү түрдө ачуу тууралуу ченем киргизүү (бул счетко эрезеге жеткенге чейин аларга мыйзам чегиндеги алимент, пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык төлөмдөр топтолушу үчүн) каралууда.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Алмазбек Токторов мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен кепилденген минималдуу киреше 900 сомдон 1421 сомго көбөйө тургандыгын алгылыктуу өзгөртүүлөрдүн бири катары баалады.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова бүгүнкү сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда 1 балабы, 2 балабы же андан көп балабы, муктаждыгы аныкталса жөлөкпул төлөнө тургандыгын айтты. Депутат Закир Шарапов ата-энеси менен чогуу жашаган үй-бүлөлөрдүн кирешесин өзүнчө аныктоо керектигин белгиледи.

Депутат Иса Өмүркулов муктаж үй-бүлөнү аныктоочу критерийлерди тактоо зарылдыгын, аны жүргүзүүчү комиссиялардын жоопкерчилигин карай турган механизмдер керектигин билдирди.

Талкууда Мирлан Бакиров кепилденген минималдуу кирешенин 900 сомдон 1421 сомго көтөрүлүшү дагы жетишсиз экенин айтып, майыптыкты далилдөө үчүн документ топтоодо бюрократизмди токтотуу керек деген пикири менен бөлүштү. Ал эми Кенжебек Бокоев кошумча каражат табылса аны эң муктаж жарандарга берүүнү приоритет катары кабыл алуу максатка ылайыктуу экенин айтып: “Сүйүнчүнүн көлөмүн көбөйтпөстөн, ага каралган каражатты жөлөкпулдун көлөмүн көтөрүүгө багыттаса туура болмок”,- дейт. Мындай пикирди депутат Умбеталы Кыдыралиев кубаттады.

“Долбоор менен сүйүнчүнү дагы, даректүү жөлөкпулду дагы жуурулуштурулуп сапаттуу мыйзам долбоорун алып келгендин ордуна 2009-жылдагы мыйзамга болгону “сүйүнчү пул” киргизилген чийки мыйзам долбоорун алып келдиңер. Мында майып балдарга жөлөкпулду көбөйтүү жана алардын ата-энелерине айлык акы чектөө каралган мыйзам долбооруна парламентти каршы коюп, күнөөлөгөнүңөрдү токтоткула”.- дейт Аида Касымалиева. Депутатка кошулган бир катар эл өкүлдөрү чийки мыйзам долбоорунун концепциясын дагы колдобоого чакырышты. Ал эми бир катар депутаттар айтылган сунуш-пикирлер 2-окууда киргизилерин белгилеп, мыйзам долбоорунун концепциясын кабыл алуу керек дешти.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-январынан тартып «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кириши керек болчу. Бул мыйзам балдары бар үй-бүлөлөргө жөлөкпулду кирешеси боюнча эмес, категориялык жана демографиялык белгилери боюнча чектөөгө өтүүнү, жөлөкпулду ар бир үч жашка чейинки балага жана үчтөн ашык балдары бар үй-бүлөлөргө чектөөгө өтүүнү камтыган. Бул мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү «балага сүйүнчүнү» берүүнү караган ченемден тышкары, 2018-жылдын 1- апрелине чейин узартылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: