Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Ангела Меркелдин Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу куттуктоо телеграмма жөнөттү.
«Сиздин Германиянын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Германия Федеративдүү Республикасынын дос элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм», – деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ