Menu

Жамангулов кымбат видеокамералар коюлбаганын айтты

Бөлүшүү:

14-мартта Жогорку Кеңештин де­путаты Акылбек Жамангулов Бишкек ЖЭБдеги камераларды жеринен көрүп, кымбат видеокамералар орнотулбаганын айтты. ЖЭБди модернизациялоо боюнча аткаруучу директор Темирлан Биримкулов айткан маалыматтар жалган экенин айтты.

«128 камера деп маалымат берилген болчу, иш жүзүндө 123 камера жана бир сервер орнотулуптур. Жалпысынан 1 мил­лион 800 миң доллар сарпталган. 123 камеранын ичинен 8 камера атайын даярдалган кымбат камералар. Калган 115 камера жашоо турмушта, кафелерде, өндүрүштө колдонулуп жаткан эле камералар экен. Мен бүгүн бул камераларды көрүп, ЖЭБдин жетекчилиги берген маалыматтардын бирине да ынанган жокмун. Жалгыз эле ЖЭБдин жетекчилиги эмес, ошол жактагы ТВЕА компаниясынын адистеринин да маалыматын уктум. Камералардын баасы чынында кымбат көрсөтүлгөн» деди Жамангулов.

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: