Menu

Өзбекстан Тажикстанга газды базар баасынан эки эсе арзан сатат

Бөлүшүү:

2018-жылы Өзбекстан Тажикстанга 126 миллион куб жаратылыш газын жеткирет. Анын баасы 15,1 миллион долларды түзөт. Тиешелүү келишимге «Тажиктрансгаз» менен «Узтрансгаз» ишканалары кол коюшту.

Өзбекстан Тажикстанга жаратылыш газынын миң кубометрин 120 доллардан сатат. Бул дүйнөлүк биржадагы баага салыштырмалуу эки эсе арзан.

Өзбекстан Тажикстандын керектөөсүнө жараша жеткириле турган газдын көлөмүн көбөйтүүгө даяр.

«Тажиктрансгаз» менен «Узтрансгаз» газ жеткирүүнү калыбына келтирүү боюнча былтыр октябрда эле макулдашкан. Бирок 2017-жылдын соңуна чейин жылдык келишимге кол коюлган эмес.

Өзбекстан Тажикстанга газ жеткирүүнү 2012-жылы токтоткон. “Тажик алюминий компаниясы” жана Душанбе цемент заводу негизги керектөөчүлөр болгон. Бирок бул ишканалар кийинчерээк синтезделген газга өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: