Menu

Улан Примовдун «Prime» телеканалы

Бөлүшүү:

Мурда жалпы 52 телеканалыбыз болсо, Кыргызстандын медиа айдыңында жакынкы күндөрү дагы жаңы телеканалдар ишин баштаганы турат. Жеке менчик телеканалдар көбүнесе маалыматка басым жасайт. Ушундан улам «деги эле жеке менчик жалпыга маалымдоо каражаттары өзүн актайбы, аларды негиздөөчүлөрдүн максаты кандай?» деген суроо көтөрүлдү.

Ош облусунда түптөлгөн «Ош Пирим» телекана­лы 19-марттан баштап «Prime» деген ат менен эфирге чыкканы калды. Телеканалдын башкы офиси Бишкекке көчүп, жаңы долбоорлор даярдалып жаткан экен. Мурдагы «Ош Пирим» азыркы «Prime» телеканалынын жетекчиси Назира Ахмедова канал маалыматтык, көңүл ачуучу багытта иш алып барып, кыргыздын нарк-насили тууралуу программалар эфирге чыгарын маалымдады.

«Prime» Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депу­тат Улан Примовдуку экени айтылып келет. Назира Ахме­дова телеканалды депутаттын атасы түптөгөнүн жана ага эл өкүлү Примов кийлигишпейт деп ишендирди.

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: