«Жөлөк пул жөнүндө мыйзам долбоору тууралуу позицияңыз эмне үчүн 180 градуска өзгөрдү?» деп 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакуновадан сурады. Депутаттын айтымында, өкмөт 2009-жылкы мыйзамды начарлатып алып келди. Министр маселе каражатка келип такалып жатканын айтты. «Үй-бүлөдө деле ата-эне кыйналып жаткан баласына жардам берет. Өкмөт дагы ошондой абалда» дейт министр.
Жыйынтыгында, Касымалиева депутаттарды мыйзам долбоорунун концепциясын четке кагууга чакырды.
Булак: «Азия Ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ