Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында депутат Алмазбек Акматов ушундай демилге менен чыкты.
Анын айтымында, ага Нарын облусунун Кочкор районунун аксакалдары менен эмгек ардагерлеринен кайрылуу келген. Анда өлкөнү чейрек кылым башкарган, СССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылышынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин, Жогорку Кеңешинин депутаты, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин атын түбөлүккө калтыруу максатында анын ысымын Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө жана Улуттук тарых музейине ыйгаруу демилгеси сунушталган. Депутат Алмазбек Акматов Улуттук тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну Жогорку Кеңештин атынан мамлекет башчысына, ал эми көчөгө ысымын берүүнү Бишкек мэриясына жолдоону сунуш кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ