Адистердин айтымында, Кыргызстанда экстракорпоралдык уруктандыруу аркылуу балалуу болгондор жыл сайын өсүүдө. Европа, ошол эле жакынкы азия өлкөлөрүндө мындай ыкма кадимки көрүнүш катары кабылданып калган болсо, Кыргызстанда жагдай башка.
Мындай жолду тандаган Айгеримдин турмушка чыкканына беш жылдан ашкан. Бирок түгөйлөр табигый жол менен балалуу боло алышкан эмес. Бул үй-бүлө дарыгерлерден тартып, элдик табыптарга чейин кайрылып, барбаган жери калган эмес. Акыры алар экстракорпоралдык уруктандыруу ыкмасын колдонууну чечишкен.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ