Өткөн жумада ордо калаабыздын чок ортосунда «Сатылган соттор кетсин!», «Коррупцияга жол жок!», «Кыргызстанда чынчыл соттор кайра келсин!» деген ураан менен жаштар, жарандык активисттер, соттон жабыркаган карапайым эл, анын ичинде «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү, Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар президентти колдоп, коррупция менен күрөшүүдө аны менен бирге экендигин билдиришкен болчу. Аталган митингде «Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева, башкы прокурор Индира Жолдубаева ж.б. кетсин!» деген плакат жазууларды көтөрүп, алардын иштен кетүүсүн талап кылып, митингдин катышуучулары президенттин саясатын колдошорун билдирүү менен ажого кайрылуу жолдоп, 7-апрелге чейин мөөнөт берип, Акүйдүн алдынан тарап кетишкенине күбө болгонбуз.
– Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев эч негизсиз эле түрмөдө отурушат. Сот системасы таза болсун! Сооронбай Жээнбеков өзү айткандай, коррупцияны түп-тамырынан жоюш керек! Сөзүбүзгө туруп, аны аткарышыбыз зарыл! Буга эл да каршы эмес. Коомубуз тазалана турган мезгил келип жетти. Бу жерге келгендердин «Жогорку соттун төрайымы кетсин! Башпрокурор кетсин! Сатылган соттор кетсин!» деген үнү жөн жерден чыгып аткан жок.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ