Menu

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер: “Миң баштуу ажыдаардын бир-эки башын чаап отуруп калбастан, миң башын тең тоголото чабыш керек”

Бөлүшүү:

Өткөн жумада ордо калаабыздын чок ортосунда «Сатылган соттор кетсин!», «Коррупцияга жол жок!», «Кыргызстанда чынчыл соттор кайра келсин!» деген ураан менен жаштар, жарандык активисттер, соттон жабыркаган карапайым эл, анын ичинде «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү, Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар президентти колдоп, коррупция менен күрөшүүдө аны менен бирге экендигин билдиришкен болчу. Аталган митингде «Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева, башкы проку­рор Индира Жолдубаева ж.б. кетсин!» деген плакат жазууларды көтөрүп, алардын иштен кетүүсүн талап кылып, митингдин катышуучулары президенттин саясатын колдошорун билдирүү ме­нен ажого кайрылуу жолдоп, 7-апрелге чейин мөөнөт берип, Акүйдүн алдынан тарап кетишкенине күбө болгонбуз.

– Коррупцияга, мамлекеттик ууруларга, шылуундарга карiы жалпы улуттук демилге, жалпы улуттук кыймыл башталды деп эсептеш керек. Эки-үч жылдын ичинде эле биз сүттөн ак таптаза боло калабыз дегенге эч ким ишенбейт, мен да ишенбейм. Эгерде беш жылдын ичинде элүү пайызга коррупцияны жок кыла турган болсок, анда бул чоң жеңиш болот. Миң баштуу ажыдаардын бир-эки башын чаап отуруп калбастан, миң башын тең тоголото чабыш керек. Прокуратура кээ бир депутаттарды соттойт да, андан да уурулукка белчесинен эмес, чачынын учуна чейин малынгандарды эмне үчүн соттобойт? «Карга карганын көзүн чукубайт» деген саясатты жүргүзүп отурушат. Булардан үмүт жок!

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: