Жогорку Кеӊеште экологиялык көйгөйлөр такай көтөрүлүп келет. Анын ичинде Кара-Балтадагы «Жунда» мунайзат иштетүү ишканасы да бар. Ырас, ал заводдун экологияга тийгизген таасирин иликтөө боюнча бир нече жолу комиссия түзүлүп, текшерүүлөр жүргүзүлгөн, бирок жылыш жок. Жергиликтүү тургундардан бул компанияга карата чара көрүү тууралуу кайрылуулар түшүүдө. Бул тууралуу депутат Бакирдин Субанбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги ишканадан чыккан түтүн өз чегинде деген жыйынтыкка келиптир. Көрсө, «Жунда» заводу мунайзатты кайра иштетүүдөн пайда болгон зыяндуу заттын баарын түнкү саат 12:00дөн кийин чыгарат экен. Ошондуктан, тургундар текшерүүнү ошол маалда жүргүзүүнү өтүнүүдө. Ошондой улам, курамы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү тургундардан, жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынан турган комиссия түзүп, текшерүү жүргүзүү демилгесин сунуштагым келет», – дейт депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ