Menu

Каржылык афералардын генийи Ширшовду да тангалдырдыкпы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам, «сары улактай садага чабылып» калган энергетиктер айтып беришкен сөздөрдү угуп, эстери ооп калышты окшойт. Эмесе, анын баарын ирети боюнча, фактылар менен баяндайлы.

Сапар Исаков өзүнүн досу Айбек Калиевге тийбей, күнөөнүн баарын ТЭЦтин директору Нур­лан Өмүркуловго оодарды да, аны иштен бошотту. ТЭЦтин бошотулган директору болсо: «Мен кытай кредитинин акчаларын жумшабасам, аны мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, улуттук энерго-холдингдин азыркы жетекчиси Айбек Калиев пайдаланса, өкмөттүн токтомуна Жантөрө Сатыбалдиев кол койсо, эмне үчүн мени иштен бошотушту?» деп өкмөттүк комиссияга маселени кабыргасынан коё баштады. «Терезелерге айнек салып, таштандыларды тазалап, чатырды бүтөп коёюн десем, мага акча беришкен жок» деди. Албетте, кайран жигит аябай катуу ызаланып калган экен, 386 млн. доллар кытай кредитине байланышкан афераны ийне-жибине чейин айтып кирди. Көрсө, биздин энергетиктер кытайларга «сууну тазалай турган химиялык цехтин кереги жок, эски цех деле жарай берет» дешкен тура. Эми авариядан кийин шашылыш түрдө 6 млн. долларга кура башташты. Бирок, аны кантип жабышат? Кайра карыз алышабы, же эски карыздын эсебиненби?

Алар эчак эле отчет берип, ТЭЦти реконструкциялап, Атамбаев жалпы элдин көзүнчө, телекамералардын алдында лентасын кесип койсо, акчаны кайдан алышмак эле? Бирок, эң кызыгы, биздин өкмөт президеттин аппаратынын жетекчилиги астында Бишкек ТЭЦи үчүн кытай кредитине кемпирооздорду 600 доллардан сатып алышкан. Ал базарда 6 доллар турат. Кабелдерди, камераларды, эмеректерди да Бишкектин базарындагы бааларга караган­да он эсе кымбатка алышкан.

 Сапар Исаков 2010-жылга чейин Максим Бакиевдин ЦАРИИсинде иштеп, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо боюн­ча долбоорду даярдаганычы? Ал эми революциядан кийин Атамбаевге кызмат кылууга өттү. Бул факт. Бирок, атүгүл каржылык афералардын генийи, айтылуу Ширшов да бааларды жүз эсе жогорулатууга батынган эмес. Азыр ал Сапар Исаковго тымызын көз артып жаткан чыгаар…

Жалпы Кыргызстандын эли Бишкек ТЭЦине берилген кы­тай кредити боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын күтүүдө. Депутаттардын ачуу чындыкты айтканга кудурети жетээр бекен, же дагы эле уурулугу үчүн түрмөгө отурууга тийиш болгон кишилер менен соодалаша башташабы? Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиевдер биз­дин балдарыбыздын келечегин уурдап, сатып ийишкен болуп калыштыбы ошондо?..

Кубат Карачев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: