Menu

Абдиламит Матисаков жогорку мартабалуу “Түрксой” сыйлыгына арзыды

Бөлүшүү:

Чыңгыз Айтматовдун «Абдиламит Матисаков сөз багуу деген өнөрдү, мындайча айтканда, жаратылыштын бир адам аркылуу бүткүл адамзатка жиберген белегин баркынан түшүрбөй, тузунан кемитпей, бийик даража менен алып келатканы мени кубандырат» деп каарманыма карата таамай бийик аныктамасын бергени бар.

Кадимки Султан Раев, Каныбек Иманалиев сыяктуу басма сөздүн дөө-шаа калемгерлери баштаган жүздөгөн (арасында мен сыяктуу жөжүрөгөн жаш журналисттери канча дейсиз?) журналисттерге устат болгон ошол Абдиламит Матисаковго жакында адабиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «ТҮРКСОЙдун» эл аралык абройлуу сыйлыгынын ыйгарылышы бизди, анын ичинде мени да кубандырды. Жагымдуу жаңылыкты угарым менен сыйлык ээсин дароо куттуктаганга шашпай, демимди ичиме катуу ме­нен биротоло бүгүнкү 15-мартта 62 жашка чыгышын кошуп туруп, куттуктоону эп көрдүм. Калемгерлик түйшүктүү сапарды аркалап жүргөн чыгармачыл инсанга гезит аркылуу ак сөздү сунуудан артык сыймык барбы?! Адабият, маданият, жур­налистика үчүн мобу заманда ак кызмат өтөө оңой эмес болсо, карандай эмгегиңден баар табыш андан бетер кыйын. Ушундай шартта Абдиламит Матиса­ков түйшүктүү эмгектеринин акыбетин эл аралык сыйлык аркылуу татып жатышы мүлдө кыргыз үчүн сыймык эмеспи?!

Сыйлыгыңыз, ага удаа бүгүнкү туулган күнүңүз кут болсун агай! Эл аралык коомчулук сизге бүгүн сыйлыгын берсе, кыр­гыз эли өзүңүзгө эчак татыктуу баасын берип алган. Аныгында элдин баасынан өткөн сый-ургаал барбы? Ошол эл берген жогорку бааңыз артынан бүгүнкүдөй сыйлыктарын ээрчитип келе берсин! Бар болуңуз!

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: