Menu

Калдарбек Абдраманов, республиканын башкы кардиохирургу: “Кыргыз­стан карызсыз өнүгө ала турган бай өлкө”

Бөлүшүү:

«Глобалдык өнүгүү» аттуу бейөкмөт уюм Кытайдан эсепсиз карыз алган дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарган. Алар: Жибути, Кыргызстан, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Монтенегро, Пакистан жана Тажикстан экен… Жакынкы эле күндөрү Тажикстандын 1500 кв/км жерин көз ирмемде Кытай алып, бир сутканын ичинде зым тор менен заматта курчап салышты. Ал жерде жүргөн чала кыргыз, чала тажиктин баарына «кааласаңар өз мамлекетиңерге кеткиле, кааласаңар жашай бергиле» деген талаптарын коюшту… Келечекте элибиздин башына да мүшкүл түшпөйбү? Кытайга болгон бул ири карызыбыз менен бизди эртең кандай күндөр күтүп турат?

– Тескери ойдомун! Негизи карыз алганга каршымын. Кыргыз­стан карызсыз өнүгө ала турган бай өлкө. Мамлекетти карыз­га батыруу ички мүмкүнчүлүктөрдү көрө албаган, колдоно албаган өкмөттүн алсыздыгын көрсөтөт. Өтө жаман жагы – карыздын аягы келип мамлекеттин бүтүндүгүнө, суверендүүлүгүнө чоң коркунуч алып келет. Кытай карызы менен артынан кытай жарандары каптап кетти, бул 4 миллион кыргыз үчүн өтө кооптуу жагдай. Экономикалык демографиялык аягы келип, саясый тымызын экспансияга алып баратат!

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: