Menu

Кредитке белчесинен чын эле батты бекен?

Бөлүшүү:

Мындан үч жыл мурда оозунан көк түтүн буралып, айтканынын баары аткарылган бир бай бар болчу. Кой десе болбой чала жан партия менен шайлоого бара коем деп он жылдап тапканын шайлоого  мойсотуп жиберген. Уйгактай жабышкан шылуундар тимеле сен өтпөгөндө  ким өтмөк эле дешип аны талапкерликке көндүрүшкөн. Өз жергесинен дурус добуш жыйнаганы менен башка аймактардан жеткиликтүү “упай” топтой албаган партиянын  оп тартканы эч нерсеге жарабай калган. Ошол  көпөсмүн деген кишинин азыр мурдагы дымагы өчүп турат. Тойлордо төрдөн орун алып, уча жеп жүргөн акеңди эми эч ким кадырлап,сыйлабай калды. Анткени анын баягыдай торсойгон берчү конверти жок. Кайран гана жыргал күндөр,ошентип артта калбадыбы. Капыстан тигини тамашалагысы келгендер атайын телефон чалып, Баке жаңы анегдотуң болсо божурап берчи деп мазактап калышты. Турмушуң эшек араба деген ушул турбайбы,каран калгырдыкы!

Учурда желдире сүйлөп, акыл айткан тажрыйбалуу бир депутат бар. Анын атын укканда эле көбү тамшанып жиберет охий деп. Ушундай даражага жеткен Акылбек Жапаровдун  толгон-токой “артыкчылыктары” бар экенин көп айтып калышат жазмакерлер. Кээде каратып туруп жалганды чындай кылып айкалыштырып жибергенин өзгөчө кумарлануу менен баяндашат десең. Ошол эл өкүлүн миллионермин деген он адамдын арткысы кылып жазып салышыптыр. Бирок, муңканып эле 300 миң доллар кредит алдым эле ошону төлөй албай кыйналып жатам деп  бежиреген кишини неге өтө ашынган байлардын тизмесине кошуп койгонуна айран калгандар да жок эмес. Балким, ушинтип бечарага окшошуп жашагысы келеттир? Анын үстүнө азыр талап башка нукка бурулуп кетпедиби? Мурда го мактанган эле кишинин  артынан суктанып кала беришчү.  Айтор, чын эле миллионерби,же эптеп оокатын кылган депутатпы жашырбай коомчулукка билдирип койсо адал болмок. Эгерде агынан жарылгысы келсе биздин эшигибиз күндүзү ачык дегенди кыстара кетели. Ай ким билет, агынан жарылышы кыйын го…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: