Menu

Съездбектин беш баласы бир командада

Бөлүшүү:

Кечээ Бишкек шаарынын мектеп окуучуларынын райондор аралык спартакиадасы старт алды. Съездбек Таштакеевдин беш баласы (Арзыбек, Руслан, Алмаз, Назира жана Айжан) бир команда болуп аламанга аттанды. Шахмат майданында чаң эле чыгып жатып калса керек. Эске сала кетсек, бу балдар бир эле мектепте билим алышат. Бүгүнкү күндө Съездбек мырзаны бир маселе кыжалат кылып атканын кулак учунан кабардар болдук. Анткени, жакында Таиландда шах­мат боюнча Азия чемпионаты өткөнү турат. Ага 18 жашка чейин Арзыбек, 16 жашка чейин Руслан жана 8 жашка чейин Айжан жолдомо алып, Кыргызстандын намысын коргогону аттанышат. «Кызым Айжан мурун байкелери менен эле чет мамлекетке кете берчү. Бу жолу «сиз барбасаңыз болбойт. Мага дем-күч бере турган эң жакын адамым сизсиз» деп, терең ойго салыптыр. Көздү жумуп, кызына жана эки уулуна аткошчу болуп барып келейин десе жол киреге каражат жагы кыйыныраак өңдүү. Мындай учурда өкмөт башчы сапар Исаковдун бир сөзү тагдыр чечип койчу эле…

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: