Кыргызстандын курама командасы 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатынын алкагында Мьянма командасы менен 22-март күнү Түштүк Корея мамлектинин Инчхон шаарында беттешүү өтө турганы белгилүү болду. Бул мелдеш былтыр 5-сентябрь күнү ордо калаабыздын Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунда өтмөк. Өз убагында террористтик акт болуп кетпесин деген ниетте премьер-министр Сапар Исаков коопсуздукту камсыздоо максатында токтоттурган. Ал эми 27-март күнү Бишкекте Индия командасы менен жашыл талаага чыгышат. Тайпа ичиндеги жадыбалда Кыргызстандын курама командасы бүгүнкү күндө 7 упай топтоо менен 2-орунда келатат. Биринчи орунда Индия командасы. Эске сала кетсек, Азия чемпионатынын финалдык мелдештерине көп упай топтогон эки команда чыкмакчы.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ