Menu

Генерал Сүйүн Өмүрзаков миллиондорго той өткөрүп, 320 миң долларга үй сатып алдыбы?

Бөлүшүү:

Акыркы учурларда Ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал Сүйүн Өмүрзаков тууралуу ар кандай маалыматтар көп чыгып жатат. Тилекке каршы, анын баары жакшы жагдайда эмес. Өмүрзаковдун аброюна шек келтире турган маалыматтар. Бул ирет анын Оштогу “Динат” кафесине Аис аттуу небересинин туулган күнүн белгилөө үчүн дүңгүрөтө той берип, ага 600 киши чакырылганы тууралуу telegra.ph жазып чыкты. Маалыматта бул тойго Сүйүн мырза бир нече миллион короткону, көк-бөрү оюнун уюштуруп, байгеге да бир нече автомашине коюлганы айтылат. Мындан тышкары, Өмүрзаковго тиешелүү делген “Мухаммед Умар” спорт клубундагы балдарды ИИМге кызматка орноштуруп жатканы, жакында 320 миң долларга укмуштай үй сатып алганы жазылган. Азырынча бул маалыматтын баарын чындык деп айтууга болбос. Себеби, Сүйүн мырзанын да жетиштүү душмандары бар. Балким ошол душмандары ушундай маалыматтарды таратып жаткандыр. Бирок кандай болгон күндө да Сүйүн мырза болгон чындыкты өз оозу менен айтып коюшу керек. Болбосо, окуган эл ишене берет, өзү болсо ишеничтен кете берет дегендей…

Булак: Багыт 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: