Menu

Өзбекстанда атайын кызматтын дагы бир генералы камалды

Бөлүшүү:

Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, 53 жаштагы генерал Шухрат Ташпулатовго кылмыш иши козголду.

“Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдагандай, Шухрат Ташпулатов быйыл февралда Аскер прокуратурасынын суроосу менен камалган. Өзбекстан ИИМиндеги өз булак билдиргендей, генерал Ташпулатовдун иши боюнча жабык отурум 26-февралда өткөн.

Шухрат Ташпулатов атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Шухрат Гулямовго козголгон кылмыш ишинин негизинде камалган. Ташпулатовго Кылмыш кодексинин кайсы беренеси боюнча айып тагылганы азырынча белгисиз.

Шухрат Ташпулатов 2017-жылы 31-июлда Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басарынын милдетин аткаруучу жана УККнын Ташкент облустук башкармалыгынын башчысы болуп президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен дайындалган. Ал 2018-жылы январда кызматынан алынган.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 19-январда Сурхандарыя облусунун активисттери менен жолугушуп, УККнын төрагасынын үч орун басарын, анын ичинде Шухрат Ташпулатовду иштен алганын айткан.

Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматын сынга алып, түзүмдү кайра карап чыгууну сунуштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: