Menu

Британия жана өнөктөштөрү Скрипалдын иши боюнча билдирүү жасады

Бөлүшүү:

Улуу Британия, АКШ, Германия жана Франция орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалдын ууландырылышын Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Европа аймагында биринчи жолу нерв системасын сенек кылган кооптуу заттын колдонулушу деп аташты.

Бул үчүн жоопкерчилик Орусияга жүктөлүп, окуя Бириккен падышалыктын суверенитетине кол салуу катары сыпатталды.

Билдирүүдө айтылгандай, Орусия химиялык куралга тыюу салган Конвенцияны бузду. Британия, АКШ, Германия жана Франция Москваны Скрипал ууландырылды делген ошол зат тууралуу маалыматты тиешелүү эл аралык уюмга өткөрүүгө чакырышты.

14-мартта британ өкмөт башчысы Тереза Мэй Сергей Скрипал менен кызын ууландыруунун артында Москва турат деп айыптап, орусиялык 23 дипломат падышалыктан чыгарылаарын жарыялаган.

Эртеси Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров жооп катары британиялык дипломаттар да чыгарыларын айтты.

Орус аскерий чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, британ жарандыгын алган Скрипал жана кызы Юлия 4-мартта ууландыруу белгилери менен догдурга жеткирилген. Учурда алардын абалы оор.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: