2018-жылдын 13-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылындагы Ачы сайында жер көчкү түшүү коркунучу жаралган (көлөмү болжолду 1-1,5 млн м3).
Акчалуу айылынын 6 үй бүлөөсүнө жана Благовещенка айылынан Кара-Көл айылына баруучу унаа жолунун 14-15 чакырымдарында коркунуч жараткан. 2018-жылдын 14-мартында жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМнин өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлүп, кооптуу аймакта жашаган 6 үй бүлөө коопсуз жерге көчүрүлгөн.
Ошол себептен жана адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2018-жылдын 15-мартында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын №57-б буйругунун негизинде аталган унаа жол жабылган.
Жергиликтүү тургундар Жашасын айылы аркылуу айланма унаа жолу менен колдонушат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ