Menu

Асема Токтобекова, ырчы: «Биздин кээ бир ырчылар башка өлкөнүн ырчыларынын клибиндеги идеяны уурдап эле клип тарта беришет…»

Бөлүшүү:

– Актрисалык жакынбы же ырчылык жакынбы сизге?
– Мен ырчымын же актрисамын деп айта албайм. Экөөнү бирдей аркалап кетсем деген тилегим бар. Эң негизгиси чыгармачыл адаммын десем болот.
– Сизге көбүнчө кайсы сан жагат?
– Кайсы сан жагаарын ойлонбоптурмун деле. Бирок 7, 4 деген сандар жагат.
– Жылдыз төлгөгө ишенесизби?
– Ишенем.
– Балага тарбия берүүдө кандай ыкманы колдоносуз?
– Сүйлөшүү ыкмасын көп колдоном. Кучактап, жакшы көрөөрүмдү билдирип, ага ишеним жаралыш үчүн мактап да калам. Себеби баланы кичинекей, эч нерсени түшүнбөйт деп маани бербей коюу туура эмес. Ал баарын жүрөгү менен кабылдаган, өзгөчө сезимтал болот. Ага канчалык жакын болсоң, ошончолук жашоого ишеними пайда болуп чыйрак өсөт.
– Сизди кандай байлык кызыктырышы мүмкүн?
– Мен кичинекей кезимден бери токчулукта чоңойгондуктанбы, шүгүрчүлүк кылып байлыкка деле басым жасабадым. Кээ бирөө бир нерсе алып калсам сүйүнчүлөбөйсүңбү же болбосо сүйүнчү бербейсиңби деп таарынып калышат. Чындыгында мен андайларга көп этибар бербейм. Кээ бирөө иштеген айлыгыңа чейин сурашат го, мен такыр андай эмесмин. Бирөөнүн байлыгына көз артып же болбосо байлыктын артынан куубайм. Мен үчүн жакын адамдарымдын көңүлү, аманчылыгы байлык. Андан өткөн байлыктын кереги жок.
– «Боз салкын» сиздин ийгилигиңиздин башатыбы же?
– Ооба, ийгилигимдин башаты. Мен ошол киного тартылгандан баштап таанымал болдум. Бирок мен ал учурда таанымал болууга даяр эмес элем. Жадагалса таанымал болсом деп кыялданган учурум болгон эмес. Оюмда жалаң гана билим алуу болчу. Бирок кудай насип кылып, «Боз салкын» киносу ийгилигиме жол ачып берди. Жашоомду өзгөрттү десем болот.
– Ырдаган жеңилби же роль аткарганбы?
– Мисалы кээ бирөө жакшынакай көйнөк кийип, жасанып сахнага чыксаң эле ырдаган жеңил деп ойлошу мүмкүн. Бирок сахна көйнөгүн тиктирүү, үн жаздыруу, клип тарттыруу сыяктуу түйшүгү бар. Чындыгында экөө тең жеңил эмес. Экөөнүн тең эки башка түйшүгү бар.
– Ырдап жаткан ырларыңыздын канча бөлүгүндө сиз барсыз?
– Ар кандай учур болот. Кинодогу саундтректе ырдаганда кинонун сценарийине жараша эле ырдайбыз. Кээде бирөөгө арналган ырлар болушу мүмкүн. Андыктан ар бир ырымда өзүм бар деп айта албайм. Ар кандай болуп калышы мүмкүн.
– Клип тартууда биринчи эмнесине көңүл бөлөсүз?
– Биринчи ырдын маани-маңызына, андан соң клиптин сюжетине, сапатына көңүл бөлөм. Эң негизгиси башка клиптерге окшобой, өзгөчө болушун каалайм.
– Окуучулук кезде мугалимден уруш уккан учуруңуз болду беле?
– Такыр уруш уккан эмесмин. Себеби тапшырманы убагында туура, так аткарып, окуучулардын алды болгонго тырышчумун.
– Сизге карата айтылган сындардан кайсы сын сиздин жиниңизди келтириши мүмкүн?
– Кээде бир адам мага тиешелүү эмес, жакындарыма байланыштуу кыжырды келтирген суроону берип, кайра-кайра жаза берет. Ошондой учурда жинденишим мүмкүн. А негизи сындарды туура эле кабыл алам. Сын болгон үчүн чыйралып, өзүмдү күчтүү сезем.
– Стилиңиздин өзгөргөнүн байкадык…
– Биринчиден, мен окшош жүргөндү жаман көрөм. Чыгармачыл адамдын табити, өзгөчөлүгү болушу керек. Дайыма изденүүдө болуп, бирөөнү туурабаш керек деп ойлойм. Мисалы биздин кээ бир ырчылар башка өлкөнүн ырчыларынын клибиндеги идеяны уурдап эле клип тарта беришет. Андай адамдар мен үчүн алсыз көрүнөт. Чачымды өзгөрткөнүмдүн себеби, киного жаңы образ жаратыш үчүн өзгөрттүм.
– Алдыда кандай ырды ырдап же болбосо кандай кинодо роль жаратышыңыз мүмкүн?
– Алдыда тартылуучу клиптерден алсак, жолдошум экөөбүз сүйүүнү даңазалаган клипке тартылышыбыз мүмкүн. А кино жаатында куурчак «Барбинин» ролун жаратам го..

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: