Menu

Милицияны полиция кылганда эмне өзгөрөт?

Бөлүшүү:

Сапар Исаков дагы бир сунушун коомчулукка жар салды. Ал өз сөзүндө милицияны полиция кылып өзгөртүү зарыл экендигин айтты. Өкмөт башчынын бул сунушу коомчулукта эки ача пикирди жаратууда. Бул боюнча биз коомдогу айрым белгилүү инсандардын ойлорун сиздерге сунуштоону туура көрдүк…

Ашырбек Бакиев, генерал:
– Элибизде жакшы макалы бар эмеспи “Сырты жалтырак – ичи калтырак” деген, бизге, коомго сырты — аты эмес, ички маңызы, ички маани, тазалыгы керек да. Ошон үчүн атын өзгөрткөндөн ички сапаты жакшырып кетсе, анда Бишкекти деле Париж деп атайлы, Кыргызстанды дагы бир гүлдөп өнүккөн өлкөнүн аты менен ж.б.у.с. Кыскасы, орусча айтканда: «Чем бы дитё не тешился — лишь бы не плакал» дегенге окшошуп калып жатат. Дагы бир мисал, “Запорожецти” “Мерседес” деп атасак укмуштай машина болот деп ишениш, бул күлкү келээрлик эле нерсе да эми…

Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Милицияны полиция кылып атын өзгөртүү демилгесине каршымын. Аты өзгөргөнү менен система өзгөрбөсө, айлык акы көтөрүлбөсө кайдагы жыйынтык. Бул жөн эле элдин көңүлүн болбогон нерселерге алагды кылып, эптеп күн кечириш деп ойлойм. Болбосо жакында эле канча акча каражат сарптап реформа болгон патрулдук милициясы жыйынтыгы жок кайра жоюлуп калды. Ошол патрулдук милицияны абдан жогорку деңгээлде иш алпаруусуна жетсе болот эле. Реалдуу иш алпаруу керек да. Эл качанга чейин ушундай болбогон реформага алданып жүрөт? Биздин 1 күнүбүз 1 айга тете. Коңшу өлкөлөр өнүгүп кетип жатат, а бизчи? Мен качан гана миллиондогон мигранттарыбыз өлкөбүзгө кайра келип, татыктуу жумушчу орундар менен камсыз болгондо биздин мамлекет өнүгүп жатат деп айта алам.

Советбек Арбаев, КРнын Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси:
– Атын өзгөртүүдө көп деле пайдалуу өзгөрүүлөргө алып келбейт. Баары бир барып каржылоо маселесине такалып калат. Элдин калың катмары деле ушундай ойдо болуш керек. Бул идея коомчулуктун талкуусунан өткөн жок, эч ким деле түшүнбөй жатат мунун бизге кандай пайдасы бар экенин, түшүндүрмө иштери да жок. Сарпталуучу каражаттын суммасы жана анын кайдан алынаары да белгисиз. Эмдиги жылдын бюджетине киргизилеби же дагы грант алып карызга бата беребизби? Түшүнүксүз…

Асанбек Алымкожоев, генерал-майор:
– Аты өзгөрөт, башка эч өзгөрүү болбойт. Реформа кылуу үчүн кадр саясатын түп тамыры менен өзгөртүү керек.

 Эдил Байсалов, саясатчы:
– ИИМди реформа кылуу биринчи 2002-жылдагы Аксы трагедиясынан кийин активдүү талкууга алынган. Ошондо мен дагы мамлекеттик комиссиянын ишине активдүү катышканым эсимде. Көптөгөн документ жана рекомендацияларды сунуш кылганбыз. Полиция кылып толугу менен формасынан баштап иш методдоруна чейин, түпкү бардык табиятын өзгөртүү боюнча да план иштеп чыкканбыз. Анда Саакашвили реформасы дагы ишке аша элек эле. Ошондо Акаев орустардан чочуп «Аларда милиция, бизде полиция болуп калса жаман көрүнөбүз» — деп четке каккан. Албетте, ал милициянын реформасын деле каалаган эмес. Ишти баштап коюп орто жерде калтырган. Ошентип жүрүп Акаев 24-мартта элге каршы жалгыз өзү калган. Андан кийинки бир канча жылда Казакстан дагы, Россия дагы бардыгы полиция кылып реформаларды ишке ашырышты. Андан кандай натыйжа чыкты? Ар кандай баа берсек болот. Азыр менимче полиция деп эле атап койсок башкача болуп калат деп айткан туура эмес. Биз биринчи кезекте былтыркы ИИМде жүргүзүлгөн өзгөртүүлөргө баа беришибиз керек. Эмнеси ишке ашты, эмнеси жараган жок. Ага чейин дагы көптөгөн акча «патрулдук милиция» киргизебиз дегендерине бөлүнгөн. Ошол мурунку этаптарды дыкат караштырып чыгышыбыз керек. Сапар Исаков айтып жатпайбы: “Жакынкы-алыскы тажрыйбаны изилдейли” — деп, мен тескерисинче өзүбүздүн жасаган иштерге баа берели деп айтат элем. Болбосо реформа деп коюп эле, жөн эле “вывесканы” алмаштырып, элдин башын айлантуулары жана бюджеттен каражат кетиргени аз келгенсип, ошол ИИМде иштегендерге запкысы тийип жатат. Бардыгын кайра-кайра эле штаттан тышкары чыгарып акча чогултмай ыкмасы. Кыскача айта турган болсом, ИИМди реформалоо бул өкмөттүн колунан келээрине көзүм жетпейт.

Алымжан Козубаев, милициянын полковниги:
– Бул чечим туура чечим, себеби акыркы жылдары ИИМдин жетекчилигине бир нече жолу реформа жүргүзүүгө, кызматтык милдеттерин толук кандуу аткарууга, керектүү жана зарыл шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Мисалы: ИИМ Коопсуз шаар долбоорун ишке ашыра албады. Патрулдук милиция деп, ага канчалаган акчаны коротуп, андан натыйжа болгон жок. Тилекке каршы, мындай натыйжасыз иштери үчүн бир да жетекчи жоопкерчиликке тартылбады. Мына ушундай сапатсыз иштерден улам, милицияны полиция кылып өзгөртмөйүнчө иш алга жылбасына өкмөт башчы Сапар Исаковдун көзү жетти окшойт. Милицияга караганда полициянын укуктук милдеттери, эл астында жана мыйзам астында жоопкерчилиги күчтүү болот. Бирок бир нерсени эске алуу зарыл, шашпаш керек, шашкалактабай жай, тажрыйбалуу илимпоздордон, коомдук активисттерден, укук коргоо органдарынын мыкты кызматкерлеринен, бийликтин бүт бутактарына тиешелүү кызматкерлерден турган атайын топ түзүш керек. Алар баарын дыкаттык менен карап, кыргыз менталитетине туура келген долбоорду бекитип, аны парламент депутаттары карап, ошентип анан милициянын аты полиция болуп өзгөрсө дейм. Кыскасы эч шашпоо зарыл. Быйыл болбосо, эмдиги жылы түзүлсө деле кеч эмес.

Айбек Айилчиев, саясат талдоочу:
– Өзгөргөнү туура. Демократиялык коомдун бирден-бир атрибуттары катары жарандар, коом менен тыгыз иштөө, кылмыштуулукту алдын алуучу орган катары полиция эсептелет. Ал эми милиция табиятынан жазалоочу орган, кылмыштын бетин ачуучу функцияга ээ. Биз кылмыштуулук эмес, кылмыштын алдын алууну колго алганда гана коопсуз өлкө болобуз. Жеке пикиримде туура. Бирок системдүү реформа кылмайынча Ташматты Эшматка алмаштыргандан пайда чыкпайт.

Мирлан АЛЫМБАЕВ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: