Ишкерлердин укуктарынын сакталышы жаатында тартип бузууларга бизнеске негизсиз кийлигишүү, текшерүү документтерин туура эмес толтуруу, текшерүү жыйынтыктарын туура эмес жол-жоболоштуруу сындуу көрүнүштөр кирет. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев КСДП фракциясында кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселе талкууланып жатканда билдирди.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өткөн жылы жарандардын кайрылууларынын негизинде жана пландуу түрдө ишкерлердин укуктарын коргоо жаатында 207 текшерүү жүргүзүлүп, 304 акты түзүлгөн. «Мыйзамсыз текшерүүлөргө жол бербөө максатында, прокуратура органдарында текшерүүлөрдү каттоо механизми киргизилген. Ал аркылуу текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугун аныктап алса болот. Ал эми 2017-жылдын декабрь айынан тарта Башкы прокуратура тарабынан Ички иштер министрлиги менен УКМКнын Антикоррупциялык кызматына да ишкердик субъектилерин текшерүүнү каттоо тартибинин сакталбагына карата чара көрүү актысы киргизилди», – дейт ал.
КСДП фракциясында кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселени талкуулоо жол-жоболору улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ