Menu

ТЭЦтеги коррупцияны ачыктаган Нурлан Өмүркул уулунун өмүрү коркунучта

Бөлүшүү:

Учурда ТЭЦтеги авариялык абалдан кийин ачылган коррупциялык иштер тууралуу коомчулук дүрбөп жатса, көзгө басаар коомдук канал үн катпай отурганы эмнеси? ТЭЦке орнотулган видеокамералардын ар бири бир жарым миң АКШ долларынан, ал эми кадимки эле аттиштин ар бири 600 АКШ долларынан алынганы боюнча маалыматты ТЭЦтин мурдагы директору ачыкка чыгарып берди. Видеокамеранын баасы базарда ашып кетсе 200 доллар, аттиштин баа­сы ашып кетсе 600 сом. 380 миллион доллардын 150 миллион доллары сол чөнтөктөргө солонгонун экс-дирек­тору Нурлан Өмүркул уулу ачыктап берди. Бирок укук коргоо органдары ал айткан фактыларга көңүл бурган жок. Ал эми Нурлан Өмүркул уулуна карата коркутуп-үркүтүүлөр болуп, өмүрүнө коркунуч келип жатканын билдирди. 150 миллион доллар деген оңой акча эмес. Аны жеген адамдар түрмөгө отуруп калбаш үчүн, Нурлан Өмүркул уулуна кол салып, күм-жам кылып коюшу толук мүмкүн. Мындан улам Башкы прокуратура, АКС унчукпай дымып отурушат деген суроо туулат. Баарын ачыктайм деп жатып, Өмүркул уулу өзү түрмөгө түшүп калбаса эле болгону. Демейде сагызгандай сайрап калчу КТРК да бул боюнча үн катпай жатканы да шек туудурат.

Булак: Ачык саясат 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: