Мамлекеттик ишканалар менен мекемелер тен өткөргөндө чочулап турат. Анткени, тендер маселелери боюнча кылмыш иштери көп козголуп жатат. Мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүндө бааны төмөн койгон жактарга артыкчылык берилгендиктен, көп учурларда товаплар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөн болууда. Бул тууралуу КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов кылмыштуулук менен күрөшүү жана бизнестин коопсуздугун камсыз кылуу жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча маселе талкууланып жатканда билдирди.
«Мамлекеттик сатып алууларга жарыяланган тендерлерде анын баасына эле эмес, аткаруу мөөнөтүнө, алардын жоопкерчилигине, товардын сапатына да көӊүл буруу зарыл», – дейт Иса Өмүркулов.
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баш болгон өкмөт мүчөлөрү менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринин депутаттар тарабынан берилген бир дагы суроого жөндүү жооп бере албаганына нааразы болгон фракция башчысы талкуу жыйынтыгында Өкмөткө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлер менен сунуштамаларды эске алып, фракциянын чечимин менен баардык мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилерин тааныштыруу тапшырмасын берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ