Menu

Сагынбаев Исаковду реформаңды “кыс” дегендей кылды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков милицияны полицияга айлантам, ал үчүн тийиштүү даярдыктар жүрүүдө деп 11-мартта айткан эле. Ал милицияны советтик мезгилден калган милитаристтик орган, анын ордуна калк менен кызматташкан жана байланышта болгон полиция болуш керек деп сунушун негиздеген.

14-мартта Коопсуздук Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынын өткөрүп, Сапар Исаковдун демилгесин “жумшак” артка түртүп койду. Сагынбаев “милицияны полицияга айлантуунун зарылдыгын азыр айтуу кыйын. Бул үчүн канча каражат кетерин эсептеп чыгып, бюджетке чегерүү керек” деп, андай ишти кандай жасоонун жол-жобосун Исаковго көрсөттү.

Бул окуяны өкмөт башчыны президенттин биринчи жолу ачык түрдө  тизгинин бура тартуу катары баалоого болот. Анткени бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбеков таянган жалгыз орган-бул Коопсуздук Кеңеши болуп турат. Ошондуктан Коопсуздук Кеңештин катчысынын сөзүн Жээнбековдун сөзү жана позициясы катары баалоого болот.

Бишкек ЖЭБинин айланасындагы улам тутанып жаткан коррупциялык жаңжал жогору жактагыларды айласын кетирип,  бири-бирин тытууга алып бараткандай.

Булардын жана Бишкек ЖЭБин “модернизациялоонун” атасы болгон Атамбаев кайсы бирине тартаарын айтуу кыйын. Анын 31-мартка белгиленген КСДП курултайында эмне деп окчуңдашын да айтуу эрте. Бирок да 7-апрелди бетине кармап, калктын көзүнө топурак чачаары турган иш…

“Elnews”

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: