Menu

КСДПы курултайы: Атамбаев кайра келеби?

Бөлүшүү:

Атамбаевдин КСДПысы курултайын 31-мартка белгилеп жатканы кабарланды. Мындай маалыматты  КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, ЖК депутаты Марат Аманкуловго шилтеме жасап, бир нече жергиликтүү маалымат каражаттары 12-мартта таратты.

КСДПнын курултайы белгисиз себептер менен бир нече жолу кийинки мөөнөткө которулуп келген. Эми бир датага токтолушкандай.

КСДПнын курултайы бүйүр кызыткан темалардан. Анткени анда Атамбаевдин саясатка кайра келиши күтүлүүдө. Атамбаев өзү өткөн жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин КСДПнын тизмесин баштап, парламенттик шайлоого барарын билдирген. Бул өз кезегинде мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо тууралуу сөздөрдүн чыгышына алып келген.

Аманкуловдун айтымында, курултайда Атамбаев КСДПнын төрагалыгына расмий түрдө шайланмакчы. Бирок бул жөнөкөй формалдуулук. Анткени Атамбаев президент кезинде да партияны колунан чыгарган эмес.  Ошондуктан коомчулукту бул маселе эмес, курултайда көтөрүлө турган башка маселелер кызыктырат.

Анын биринчиси, Атамбаевдин саясатка кандай сыпатта кайра келиши, экинчиси, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болор-болбосу жана албетте, коомчулукту Жээнбеков, Исаков ишине Атамбаевдин баасы да кызыктырат.

Бул суроолор бири-бири менен тыгыз байланышта. Маселен, Атамбаев активдүү саясатка кайрылууну чечсе, анда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн айласы карала баштайт. Азыркы парламентти айласын таап таратышат. Атамбаев КСДПсынан тандап, башка партиялардан иргеп тизме түзүп, аны өзү баштап шайлоого барат.

Бирок шайлоонун жыйынтыгы кандай болоор экен? Анткени Атамбаев бийликтен кеткенден бери эки-үч орчун окуя болду. Анын биринчиси, Бишкек ЖЭБиндеги авария. Ал авария  борбор тургундарын жума бою суукта эле калтырбастан, ЖЭБди модернизациялоо үчүн Кытайдан алынган 386 млн. доллар боюнча өтө чоң суроолорду жаратты. Экинчиси, өкмөт башчы Исаков жана бажы кызматынын жетекчиси Кулматов ачыктаган бажы тармагындагы эбегейсиз коррупция. Алар ачыктаган маалыматка караганда, Атамбаев президент болуп, Жээнбеков өкмөттү башкарып турган мезгилде жыл сайын бажыдан бюджетке 15 млрд. сомго жакын акча түшпөй,  уурдалып кетип жаткан экен…

Ал эми Бишкек ЖЭБиндеги авария Атамбаев доорунда эбегейсиз коррупция болгон деген каңшаарды күчөттү. Аны 8-февралда Коопсуздук Кеңештин жыйынында Сооронбай Жээнбеков да ырастады.

Мына ушул окуялар КСДПнын, анын кожоюну Атамбаевдин саясий беделине чоң сокку урду.  Бирок бардык бийлик рычагдары, бийлик маалымат каражаттары колунда турган Атамбаев жана бийлик партиясы догурунуп, ак көрүнүп чыга берчүдөй.

Муну Бишкек ЖЭБин модернизациялоо учурунда энергетика министри болгон, учурда КСДП фракциясынын мүчөсү Осмонбек Артыкбаевдин жана  модернизациялоо ишин жүргүзгөн Кытайдын ТВЕА компаниясынын актануулары ырастап турат…

“Elnews”

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: