Menu

2018-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Бөлүшүү:

ЧҮЙ ЖАНА ТАЛАС ОБЛУСТАРЫНЫН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, Чүй өрөөнүндө 12…14°, Талас өрөөнүндө 10…12° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде 6…8° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин, күндүз 16…21° жылуулуктан 23…28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 1…6°, күндүз 15…20° жылуу болушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн -1…-3° үшүк жүрүшү, тоо этектеринде -3…-5° үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 5…10° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, кээ бир райондордо нормадан жогору болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 58-77 мм, тоо этектеринде 64-78 мм, Талас өрөнүндө 46-52 мм).

ОШ, ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА БАТКЕН ОБЛУСТАРЫНЫН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° жогору болуп, 13…15°, тоо этектеринде 9…11° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин, күндүз 16…21° жылуулуктан  24…29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектеринде ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6° жылуулуктан 7…12° жылуукукка чейин, күндүз 15…20° жылуулуктан 21…26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн     0…-2° үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 7…12° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (53-72 мм, тоо этектериндеги райондордо 45-157 мм).

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 7…9° жылуу, болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуу, кээ бир түндөрү -2…-4° үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 13…18° жылуулуктан 20…25° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-37 мм, чыгышында 55-80 мм).

НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, 7…9° жылуу болушу күтүлөт. Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи жарымында түнкүсүн 0…5° суук, күндүз 7…12° жылуу болушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн 1…6° жылууктан 17…22° жылуулукка чейин, Кочкор районунда 21…26° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (20-35 мм).

ЖАЙЫТТАР ЗОНАСЫ

АЛАЙ ӨРӨӨНҮ

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1° жогору болуп, 0° тегерегинде болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7° сууктан 9…14° суукка чейин, күндүз 0…5° сууктан 4…9° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, айдын аягында 15° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлөт (42-44 мм).

СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…2° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° сууктан 10…15° суукка чейин, күндүз 2…7° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, айдын аягында 20° жылуулукка чейин жогорулашы мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (30-32 мм).

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: