Menu

Артур Медетбеков, генерал-майор: «Сүйүн Өмүрзаков тажрыйбалуу кадр экенин эч ким жокко чыгара да албайт»

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү ИИМ министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковго каршы көшөгөнүн артында жашырынып, ар кандай ушак-айың кептерди социалдык баракчалар аркылуу жарыя кылып жаткандар, анын кадыр-баркы өсүп жатканынан чочулап жатышканы айкын боло баштады. Алардын максаты Өмүрзаковду жаманатты кылып көрсөтүп, аны таасиринен ажыратуу болууда. Бирок, өз ишинин чыныгы профессионалына андай көчөдөгү ушак-айыңдар жармашпайт да. Биз күч түзүмдөрүн жакшы билген, Өмүрзаков кыйын кезде кандай иштерди аткарганын өз көзү менен көргөн аттуу-баштуу инсандарга “Сүйүн Өмүрзаков чыныгы профессионал кадрбы?” деген суроого жооп алып көрдүк.

— Сүйүн Өмүрзаковдун профессионалдуулугунда шек жок. Ал киши өзүнүн ишин мыкты алып кете турган кадрлардан. Милициянын кадырын көтөрчү кызматкер. Бул тармакта майда тепкичтен баштап, азыркы кызматына чейин көтөрүлбөдүбү. Шаардык, облустук УВДны башкарды, Москвада Кыргызстандын ИИМинин атайын өкүлү болуп иштеп келди. Азыр ИИМ министринин биринчи орун басары болуп иштеп жатат. Сүйүн Өмүрзаков тажрыйбалуу кадр экенин эч ким талаша да, жокко чыгара да албайт. Министр болуп да иштеп кете алчу деңгээлге жетти. Россияда иштеп, ал жактан дагы тажрыйба топтоду. Эми ал киши тууралуу ар кандай маалыматтардын чыгып жатканы таасир талашуу же болбосо аны коомчулукка жаман атты кылып көрсөтүүнүн айласы. Болбосо ага күнөө койгусу келген адамдар жашырынбастан өздөрүн да ачык жарыялап, далилденген фактыны коомчулукка жарыяласа туура болмок.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: