Menu

Эксперттер: «ЖМК бир гана маалыматтарды талап кылбастан, сот тутумунун өнүгүшүнө жардам бериши керек»

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында “ЖМК менен өз ара байланышуу жана соттордогу ЖМК менен иштөөдөгү  көйгөйлөр” темасында” бир күндүк тренинг болуп өттү. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Тренингге   ТВ жана радио, интернет басылмалардын журналисттери катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө  эксперттер чет өлкөлүк жана ата-мекендик соттордун  жалпыга маалымдоо каражаттары менен болгон кызматташтыгы, укуктук жөнгө салуунун  жаңы технологияларын колдонуу туурасында тажрыйбалары менен бөлүштү.  Ошондой эле алар  сот процессин  чагылдыруу жана  маалыматты алуудага журналисттердин  укуктарын айтып беришти.

Тренингдин катышуучулары күнүмдүк өз ара байланышуудагы  кемчиликтер менен көйгөйлөрдү,  талаш жараткан маселелерди ачык талкууга алышып, пикир алмашууга  уникалдуу аянтча түзүлдү.

Каралган маселелердин ичинен катышуучулар ар кыл багыттар боюнча комментарийлерди алуу үчүн эксперттик пулду түзүүнү сунушташты.

Сот тутумунун маалыматтык ачыктыгын камсыз кылуу үчүн соттор менен ЖМКнын өз ара байланышы  эки тараптын мыйзамдарынын негизинде курулушу керек. Сот системасы  ЖМКга толук маалымат берип турушу керек. Ал эми ЖМК өз кезегинде  бир гана маалыматты талап кылбастан, сот тутумун өнүктүрүүгө, коомчулукка укуктук жактан маалыматтарды берүүгө көмөктөшүүсү керек.

Тренингдин ишине: Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас, Германиядан келген эксперт Томас Мродзински, ошондой эле эксперттер Кубат Чекиров жана Алмас Турдумаматовдор катышты.

Аталган иш чара  Европа Биримдигинин  “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун көмөктөшүүсүнүн алкагында  уюштурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: