Menu

Баткенге боевиктер басып киргенде барымтага түшүп берген Абдрахман Маматалиевдин баласы депутат болду

Бөлүшүү:

Эки жарым жыл ичинде эки гана жолу сүйлөгөн «Республика – Ата-Журт» фракциясынын эми экс-депутаты Фархад Иминовдун ордуна, бир кезде аким болуп иштеп турганда Баткенге боевиктер басып киргенде барымтасына түшүп, кийин «Ар-Намыстан» депутат болуп, андан кийин ви­це-премьер болгон Абдырахман Маматалиевдин уулу Марлен де­путат болуп келди. Атасы депутат болуп турганда кыргыздын желеги жөнүндө гана маселени кайра-кайра көтөрө берчү эле, уулу атасынын деңгээлинен көтөрүлө алабы? Бабановдун жаңы «балакайы» буга чейин анын «Азиямол» аттуу маркетин жетектеп келгенин, ага чейин ар кайсы депутатты «мандатыңды тапшырбайсыңбы» кыязында арбап келгенин уктук. А бирок жаңы, жаш депутат канчалык активдүү болбосун, партиясы алты жолу оодарылган унаанын каркасындай калдырап калбадыбы. Анан да, жалгыз дарактын бак болушу кыйын эмеспи…

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: