Menu

Номанжан Аркабаев, милициянын отставкадагы полковниги, Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты: «Шакирт-милиционерден эмгеги менен кадыр-барк тапкан жетекчиге чейин өсүп жетти»

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү ИИМ министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковго каршы көшөгөнүн артында жашырынып, ар кандай ушак-айың кептерди социалдык баракчалар аркылуу жарыя кылып жаткандар, анын кадыр-баркы өсүп жатканынан чочулап жатышканы айкын боло баштады. Алардын максаты Өмүрзаковду жаманатты кылып көрсөтүп, аны таасиринен ажыратуу болууда. Бирок, өз ишинин чыныгы профессионалына андай көчөдөгү ушак-айыңдар жармашпайт да. Биз күч түзүмдөрүн жакшы билген, Өмүрзаков кыйын кезде кандай иштерди аткарганын өз көзү менен көргөн аттуу-баштуу инсандарга “Сүйүн Өмүрзаков чыныгы профессионал кадрбы?” деген суроого жооп алып көрдүк.

— Мен милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковду 20 жылдай мезгилден бери билемин. Ал катардагы кызматкерден Ички иштер министринин 1-орун басарлыгына чейинки жолду оор шарттарда тынымсыз изденип эмгектенүү менен кызматтык бай тажрыйба топтоп жүрүп келди. Бир кезде өзү шакирт-милиционер болсо, учурда ал өз кесибин мыкты өздөштүргөн оперативникке, эмгеги менен кадыр-барк тапкан жетекчиге чейин өсүп жетти. Ал кол алдындагыларга өз милдетине болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен гана үлгү болуп чектелип калбастан, бекем талап коё билген, эр жүрөк, калыс, ошол эле мезгилде катардагы кызматкерлерге жакынындай көңүл буруп, камкордук кылган күйүмдүү жетекчи жана ыймандуу инсан. Ошондуктан, Сүйүнбек Абдылдаевич 2 жыл мурда министрликке жооптуу кызматка дайындалганда Ош шаарындагы жана Ош облусундагы кесиптештери кыңырылып узатышкандыгына мен күбө болгом. Мындай ыймандуу, Кудайды, бей-бечаранын убал-сообун унутпаган жетекчилер көп болсо экен деген тилек бар.

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: