4-март күнү Ош шаарындагы “Мебель” дүкөнүнө келген кардар аял өзү тандаган эмеректи арзан баага сатууну сатуучудан талап кылып, чыр чыгарат. Кер-мур айтыша кеткенден кийин күйөөсүн чакырып, ал достору менен келип, сатуучуну жана дүкөндүн ээсин сабап кетишет. Алтургай аялы дүкөндүн ноутбугун көтөрө кетсе, күйөөсү 6 жашар кызын дүкөндүн ичине сийдирип кетет. Бул тууралу журналист Дайырбек Орунбеков билдирүү таратты.
Таяк жегендер арыз жазып, милицияга кайрылышса чоң муштумдар “таасирдүү адамдар, эч нерсе кыла албайбыз, жарашып эле албайсыңарбы”, деп милиция кылмыш ишин козгобой качып жатыптыр.
https://www.youtube.com/watch?v=_T0og5RHdF0&feature=youtu.be
https://www.youtube.com/watch?v=WMHxn75DM1k&feature=youtu.be
https://www.youtube.com/watch?v=MoIQxBOKovg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ