Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапар менен барат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапар менен барат.

Жалал-Абад облусуна жасаган сапарынын алкагында Өкмөт башчы 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылында орун алган Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышат. Ошондой эле Премьер-министр Аксы районунун Кербен шаарындагы Үй бүлөлүк медицина борборунун клиникалык-биохимиялык лабораториясынын иши менен таанышат.

Ош облусунда Сапар Исаков «Ош» эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын ачылыш салтанатына катышып, Араван районунун Нурабад айыл округундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөйт.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Ош шаардык Токтогул атындагы парктын аймагында өтүүчү ишембиликке катышмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: